Коронавирус жуктургандардын эң көбү Бишкекте, азы Таласта катталды

Өткөн 24 сааттын ичинде COVID-19 илдети  144 адамдан аныкталды. Бишкек шаарында бир бейтап каза болду. Айыгып чыккандар 215. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 

Жаңы учурлардын 60ы Бишкек шаарынан, бирөө Таластан чыккан. Ош шаарынан 5, Чүйдөн 30, Ош облусунан 10, Нарындан 3, 22си Ыссык-Көлдөн, 11 Жалал-Абаддан, экөө Баткенден аныкталган.

Пандемия башталгандан бери жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны  81 656 аадмга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 77 170. Тилекке каршы каза болгондордун саны 1361. Учурда стационарда  912  бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 10 адам  канааттандыраарлык, 624 бейтап орто, 224 оор, 54 бейтап  өтө оор абалда жатат.  Амбулатордук дарыланууда – 1288 бейтап бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо