Ошто коомдук транспортту электрондук системага өткөрүү үчүн 57 млн сом сарпталган. Бирок толук ишке аша элек. Иликтөө

Ош шаардык мэриясы эки жыл мурун коомдук транспортторду электрондук карта менен төлөө системасына өткөргөн. Ал үчүн 57 миллион сом каражат Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн. Долбоордо каралган сумманын 30%ы  гана кайтарымсыз грант болсо калганы насыя катары берилген. Ар бир жабдык 130 миң сомдон сатылып алынган. Бирок арадан 2 жыл убакыт өтсө да бул система толук кандуу иштей элек. Т-Медиа бул жолу Оштогу коомдук транспорттогу электрондук карта системасына коротулган миллиондор тууралуу иликтеди.

Долбоор ишке ашканда автобус менен троллейбусту колдонуу үчүн накталай акча эмес, жаңы электрондук карта иштетиле башталмак. Ошол кезде бул тууралуу маалыматтар жергиликтүү телеканалдардан байма-бай көрсөтүлүп жаткан. Бирок ири долбоордун жумшалып жаткан каражаттын көпчүлүк бөлүгү элдин чөнтөгүнөн төлөнө турганын эч ким кеп кылган эмес.

Биз коомдук транспортко чыгып жүргүнчүлөрдүн электрондук билет колдонгонун текшерип көрдүк. Алардын 10 пайызы гана аталган төлөө системасын колдонушту. Бирок баары акысыз карта колдонгон пенсия курагындагы жүргүнчүлөр болду.

Бул система ишке кирген эки жылдан бери электрондук картаны сатуу жана анын балансын толуктоо да бир жолго коюлган эмес.

«Электрондук картанын ыңгайсыздыгы, бул шарттын жоктугу. ЭЛСОМдон төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок. Мисалы телефонго бирдик салгандай кылып акча сала албайсың. Сөзсүз мэрияга барыш керек. Ал жакка убара болуп баргыбыз келбейт. Карта менен төлөгөн актабайт. Аны барып алыш керек. Накталай дароо төлөйсүз түшүп кете бересиз», — дейт жүргүнчүлөрдүн бири.

Айдоочулар да электрондук билет боюнча жүргүнчүлөр тарабынан да нааразычылык болуп жатканын ырасташат.

«Мурун бизге алып келип «сатып бергиле» деп берет эле. Азыр болсо карта жок дейт. Андан кийин ар бир окуу жайга коёбуз дешкен. Кийин карантин башталып кетип эле коюлбай калды. «Эмнеге муну алып алдыңар» деп элден нааразычылык түшөт», — деди айдоочулардын бири.

Карталар кандай сатылган?

Автобустарда орнотулган аппарат бир, үч жана беш сомдуктарды гана кабыл алат. Он сомдуктарды албайт. Демек 10 сомдук тыйыны барлар, жол акыны айдоочуга төлөөгө туура келет.

130 миң сомго сатылып алынган жол акыны автоматтык түрдө эсептеген апараттар эки жыл кепилдиги менен келген. Бирок ага карабай эле жакшы иштебей жатканын айдоочулар дагы ырасташат. Айтымдарында, аппараттарда мүчүлүштүктөр болгондуктан жүргүнчүлөрдү түшүрүү көйгөйлөр менен коштолот.

«Биринчиден аппарат жакшы иштебейт. Бир алып калат, бир албайт. Анан басып туруш керек. Дароо басканда эле албайт. Кичине туруш керек. Иштөө системасы жай. Тыгын жаратат. Аялдама да эле туруш керек аларды күтөм десең. Картаны басып турат. Ага тыйын салып чек чыгарганга чейин бир адамга 30 секунд кетип калат. 10 адам түшүргөндө аялдама да эле убактыбыз кетет», — деп кошумчалады дагы бир айдоочу.

Ош шаарындагы коомдук унааларга электрондук карта системасын киргизүү боюнча долбоорду тендерден 57 миллион сом сунуштаган Чехиянын “Микроэлектроника” компаниясы утуп чыккан.

Электрондук карта долбоорунун дагы бир максаты Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасын дотациядан чыгарып толук өзүн каржылай турган ишканага айлантуу болгон. Шаардык кеңештин депутаты долбоордун ишке ашпай жаткан себептеринин бирин атады.  

«Мен толук кесе айта алам.Бул жерде иштеген жетекчилердин толук өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар. Себеби ар бир рейстен түшкөн акчаны өзү калагандай сарптайт. Акча көбүрөөк түшсө, азыраак түштү деп отчет берет. Ошол себептерден улам иштетпей жатышат», —деди  Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев.

Электрондук картаны дээрлик он пайыз гана жүргүнчүлөр колдонушат. Бул деген система иштебей жатат дегенди түшүндүрөт. Эгер сиз жол кирени электрондук билет аркылуу төлөй турган болсоңуз алты сом, а накталай төлөсөңүз 10 сом болот деген токтом чыгарышкан. Бирок муну көзөмөлдөгөн эч бир мехнизм жок. Демек көзөмөлдөнбөгөндөн кийин каражатты айдоочунан баштап жетекчиге чейин каалагандай пайдалана алышат. Биз комментарий алуу учун  автоунаа ишканасынын жетекчиси Зорбек Бийзаевге кайрылдык. Ал кызматка келгенине бир ай болгонуна карабай, жооп берүүдөн качты.

«Эч ким жооп бере албайт. Мен дагы жаңы келдим. Мен да билбейм. Жумуш боюнча маалымат билбейм», — дейт Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Зорбек Бийзаев.

Шаардык кеңештин депутаты Эсенбек Арзиев, ага ишкананын жетекчилиги «Эгер электрондук карта системасын иштетсек айдоочулардын айлыгы аз болгондуктан кетип калат» деп билдирген. Муну ал сынга алды.

«Айдоочулардын айлыгын көтөрүп кой. Азыр 15 миң берсең, 25 миңге көтөрүп кой. Бирок сенин бюджетине көбүрөөк  акча түшөт, тактык пайда болот. Айдоочу дагы күнүгө миң сомду уурдап баласына арам акчаны жедиргиче ак мээнети менен таза акча менен жашайт. Ар нерсени шылтоо кыла берген болбойт. Анын баарын оңдосо болот».

Долбоордун башында электрондук картаны жөнөкөй эле терминал же ЭЛСОМ капчыгы аркылуу толуктоо каралган эмес. 

 

«Өзүңөр көргөндөй эле жакшы иштеп жатат. Болгону биздек арталарды толуктоо маселеси болгон.  Азыркы учурда биз ЭЛСОМ менен иштешип жатабыз. Интеграция иштери бизде аяктап калды. Кудай буюруса жаңы жылга жакын иштер аяктайт», — деп ишендирди Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын долбоорду релизациялоо бөлүмүнүн адиси Дилмурат Абдувапов.

 

Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов долбоордун ишке ашпай жатканын коронавируска шылтады. Бирок бул долбоор пандемиядан толук бир жыл мурун башталган. Ошондой эле аны көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлгөнүн кошумчалап, жыйынтыгы менен тиешлүү адамдар жооп берет деп ишендирди.

«Эмне себептен ушундай абалга келип жатат. Ким күнөлүү? Ушул боюнча иштеп жатат. Албетте көзөмөлгө алынат. Өздөрүнүн күнөөсү менен иштен чыгарган болсо жооптуу кишилер жооп берет», -дейт  Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмү башчысы Урали Романов.

Ал ортодо «Аймактарды пландоо жана өнүктүрүү»  фондунун директору Советбек Зикиров аталган долбоорго каражатты жумшалган Оштун бийлиги негизсиз эле жок кылганын билдирди. Ал шаардык башкы планы менен байланышы болушу керектигин айтат.

«Мага сунуштап кайрылса мен атайын цифровизациялык программа иштеп чыгып адистер менен сүйлөшүп, макулдашып бул системаны киргизсе болот. 20миң доллардан 100миң долларга чейин ушул системаны иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Жада калса кээ бир жаңы үйрөнгөн балдар бар. Алар мүмкүн Ош шаарына салым деп ыктыярдуу түрдө дагы  жасап бериши мүмкүн», — дейт «Аймактарды пландоо жана өнүктүрүү» фондунун директору Советбек Зикиров

 

 

Сөз болуп жаткан электрондук карта долбооруна кол койгон жетекчи катары ошол учурдагы Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахмановго кайрылдык. Ал учурунда долбоор тыкыр көзөмөлгө алынуусу керек эле деп билдирди. 

Депутат Эсенбек Арзиев аталган электрондук карта жана башка бир канча долбоор боюнча тиешелүү жетекчилердин баары жоопко тартылыш керек деп эсептейт.

«Мэрдин,  жетекчинин күнөөсүн аныктай турган органдар бар. Мен негизи айта алам бул жерде мэрдин дагы, баарынын күнөөсү бар. Себеби жоопкерчиликти мойнуна алган көзөмөлгө алыш керек болчу. Мэрдин авторитетин жетекчилердин алдында көрүп жатабыз. Столду катураак бир урса ошол жумуш аткарылат болчу». 

Жыйынтык:

  •  Ош шаарындагы электрондук карта долбооруна 57 миллион сом жумшалганы менен жол кирени автоматтык түрдө эсептеген аппараттар кээде иштесе кээде иштебей эле турат.
  •  Аны менен бирге электрондук билетти сатуу жана толуктоо да бир жолго коюлган эмес. Системаны иштетүүгө жетекчилердин кызыкчылыгы жок болгондуктан 26 миң билет сатыла элек. 
  • Эгер сиз жол кирени электрондук билет аркылуу төлөй турган болсоңуз алты сом а накталай төлөсөңүз 10 сом деген токтом чыгарышкан. Бирок муну көзөмөлдөгөн эч кандай мехнизм жок.
  • Биз эсептеп чыккандай долбоор иштетилбей жаткандыктан минималдуу эсеп менен 22 миллион сомдой каражат казынага түшпөй жатат.
  • Насыяга келген каражат шаардыктардын чөнтөгүнөн 10 жыл бою төлөнөт.

Ошол эле учурда автоунаа ишканасы мэриядан жылына 15 миллион сом каражат алат. Бирок учурда ишкана 20 миллион сом карызга баткан.

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*