
Бүгүн Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат. Кыргызстандыктар бул күнү өзүнүн президентин гана шайлабай, мамлекетти башкаруунун формасын тандаган референдум боюнча да добуш беришүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, бардык шайлоо чөлкөмдөрү өз убактысында саат 8:00дө ачылды жана кечки сегизде жабылат.
Президенттик жарышка 17 талапкер ат салышууда.
Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2428 шайлоо участогунун баары ачылып, добуш берүү башталды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.
Оставьте первый комментарий