Баткенде коронавируска кабылган бейтаптар шайлоого катыша алышпайт

Баткен облусунда коронавирус жуктуруп ооруканада дарыланып жаткан 36 бейтап менен аларды караган 38 дарыгер бүгүнкү шайлоодо добуш бере алышпайт. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүгүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова ырастады. 

Айтымында, учурда кызыл зонага кирүү кооптуулук жаратат.

«Элдин саламаттыгы биринчи орунда. Ал жерге эч ким киргизилбейт жана чыгарылбайт. Буга чейинки шайлоодо да катышышкан эмес», — деди Чолпон Бердикулова.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны кечээ 9-январга карата маалымат боюнча 81 991 адамга жетти. Алардын 77 547си сакайды. Стационарда 862 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 9 адам канааттандыраарлык, 553 орто оордукта, 247 адам оор, 53 бейтап — өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 1232 бейтап бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо