
Чет жактагы 28 өлкөдөгү 48 шайлоо участокторунун айрымдары жергиликтүү убакытка карай, ачылып, иштеп жатат. Эң алгачкы добушкана Орусиянын Түштүк Сахалин аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө, ал эми Бишкек убактысы боюнча 03:00дө ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, бул добуш берүү жайында 851 жаран катталган. Андан тышкары Кытай, Япония, Малайзия жана башка таң эрте аткан өлкөлөрдө добуш берүү жүрүп жатат.
Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет:
1.Президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган бюллетень (ак түстө);
2. Мамлекеттин башкаруу формасы аныктаган бюлеттень (көк түстө).
Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2428 шайлоо участогунун баары ачылып, добуш берүү башталды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.
Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүп жатат
Оставьте первый комментарий