
Ош шаарында президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоочу референдумга катышкандар аз. Бирок башка аймактарга салыштырмалуу жакшы. Эрте мененки сааттардан баштап эле түштүк борбордогу шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын саны аз болуп, суздугу байкалды. Мындан сырткары, шайлоо тилкелеринде урналардын убагы менен иштебей калып жатты.
Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районундагы № 5555 шайлоо участкасында шайлоо эрте менен саат 8де өз убагында башталды. Алгачкы 2 саатта болгону болжолдуу 20га жакын гана шайлоочунун добуш бергени байкалды.
Калган тилкелерде да шайлоочулардын башка шайлоолордогудай активдүүлүгү байкалган жок.
Жалал-Абад шаарындагы шайлоо тилкелеринде да катышуучулар аз. № 2103 участкасында 2479 шайлоочу катталган болсо, саат 3 жарымга карата 381 гана шайлоочу добуш берген.
Баткенде саат 18ге карата шайлоочулардын 34,05%ы катышкан.
Автор: Наргиза Анарбай кызы
Оставьте первый комментарий