
Ош шаарындагы №5555 шайоо участогунда «Т-Медианын» журналистин чыгарып салды. Мунун себебин аталган участоктун төрайымы Айжан Жеңишбек кызы журналисттин «уруксат кагазы болушу керек» деп түшүндүрдү.
Журналист Гүлсара Жолчиева эрте менен саат 8:45терде аталган шайлоо участогуна барган. Ал уруксат экендигин айтканына карабай Айжан Жеңишбек кызы аны бир нече ирет киргизбей койгон.
«Башында уруксат жок деди. Мен бизге уруксат бар экенин бир нече жолу айттым. 2-3 жолу “киргинге болбойт” деп тоскоолдук кылды. Кийин башка кесиптештерибиз да келип, мыйзам боюнча уруксат экенин айтканыбызда гана тартууга макулдук берди. Көрсө мен барган учурда урна иштебей жаткан экен», — деди Гүлсара Жолчиева.
Оштогу №5555 шайлоо участогунда мэр Таалайбек Сарыбашов да добуш берүү үчүн барган.
«Киргизбей койгонго алардын укугу жок. Мен азыр барып АШКга айтам, тапшырма берилет», — деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.
Мыйзам боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү добуш берүүнүн купуялыгын бузбастан шайлоону чагылдырууга укуктуу.
Мамытканов: 18 миңден ашык киши мөөнөтүнөн мурда добуш берди
Оставьте первый комментарий