Добуштарды автоматтык эсептөөдө Садыр Жапаров алдыга чыкты. Инфографика

11-январга карата өлкөдөгү бардык автоматтык эсептөөчү урналардагы жыйынтыктар 98 пайыз эсептелди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул акыркы жыйынтык эмес экенин, бюллетендерди кол менен саноо жараяны жүрүп жатканын, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылып жатканын, билдирди. Натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарылат.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

Инаугурация

Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң кызматка кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 10-январдагы басма сөз жыйында билдирди. Төрайымдын айтымында, расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат.

Ошол эле учурда бул жолку президенттик шайлоо кезексиз өткөнүнө байланыштуу добуштарды эсептөөнүн мөөнөтү да кыскарат.

Кечээ, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39% ашууну катышканын маалымдады.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо