COVID-19. Медиктердин жарымынан көбү компенсация ала алган жок

Коронавирустан көз жумган ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун дарыгери Жамал Тазабекованын үй-бүлөсү азыркы күнгө чейин өкмөттөн кенемте ала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан. 

71 жаштагы маркум Тазабекова ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын ординатору болуп иштеген. Баялинова дал ошол фактор бардык документтердин топтолгонуна карабай, анын жакындарына компенсация алууга тоскоол болгонун айтууда. Ал ошондой эле кызмат учурунда каза болгон ондогон медиктердин үй-бүлөсү ушул күнгө чейин кенемте ала электигине көңүл бурган.

Ал эми 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев да компенсация маселесин көтөргөн. Эл өкүлүнүн айтымында, убадаланган акчаны оорунун очогунда иштеген катардагы медиктер эмес, ооруканалардын жетекчилери алууда. 

“200 миң сомдон кенемтени “чоңдор” алышып, катардагы дарыгерлерге бир тыйын төлөнгөн эмес. Менин билишимче Жалал-Абад менен Оштогу ооруканалардын башкы дарыгерлери убадаланган акчаны алышыптыр. Мисалы, Акмат Шарипов Ноокатта коронавирустан комага түшүп калган дарыгерге сиздин буйругуңуз менен (ред- Мадамин Каратаевге айтып жатат) кызыл зонага кирип операция жасап чыккан. Кийин өзү ооруп калган, бирок компенсация албаптыр”, -деген эл өкүлү. 

Кыргызстанда коронавирус оорусу менен күрөшкөн да, бул вирусту эң көп жугузгандар да медициналык кызматкерлер болууда. Аларга бийлик убада берген кошумча акы төлөнүүдөбү? “Т-Медиа” бул окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

ИИМдин аракети

Маркум Жамал Тазабекова эмгектенген Ош облустук ички иштер башкармалыгы болсо медкызматкерге ИИМ системасында дагы компенсация каралбагандыгын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин маалыматы боюнча, Тазабекова аскерге милдеттүү эмес, жалданма кызматкер болгон.

“Бирок биз ага карабай бул маселени чечүү үчүн Ош облустук администрациясынан, Ош шаардык мэриясынан жана башка тийиштүү мекемелелерден атайын өтүнүч даярдаттык. Документти ИИМге караштуу атайын комиссияга жөнөттүк. Буюрса убадаланган компенсация маркумдун үй-бүлөсүнө берилип калат деп үмүт артып жатабыз”. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан азыр документтерди тиешелүү адистер карап жатканын айтат. Бирок кайсыл стадияда каралып жатканын тактоого мүмкүн болгон жок.

Компенсациядан кабар жок…

Убадаланган кенемтени ала албай жүргөн медиктердин бири — Акмат Шарипов. Ал Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кулак-мурун бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштейт. COVID-19ду былтыр июлда жуктуруп алган. Эки айдан ашык дарыланып, сентябрда кайра жумушка чыккан. Бирок 200 миң сом кенемте ушул күнгө чейин колуна тие элек жана анын берилишине ишенбей деле калды. 

“Апрелдин аягында кызыл зонага кирген Ноокаттагы ооруканага комада жаткан дарыгерге операция жасаш үчүн кирдик. Эч ким ынабай койгондо ошол кездеги министр Сабиржан Абдукаримовдун тапшырмасы менен бардык. “Барбасаңар сотко беребиз” деп коркутушкан. Ошол кезде мен ооругандар менен байланышта болуп, обсервацияда жаткан элем. 6-июлда коронавирус аныкталып, ооруканага 14 күн жатып чыктым. Оору аябай оор өттү. Ооруканадан чыккандан кийин үй карантинине кеттик. Ошол учурда ишкана биздин документтерди министрликке жөнөтүшкөн. Бирок ага орточо оордукта болгон деп жазышыптыр”. 

Акматов өзү сыяктуу компенсация ала албай жүргөн медициналык кызматкерлер четтен чыгарын белгилейт. Бирок эмнегедир убадаланган акчаны жетекчилер алганын айтып нааразы.   

“Компенсациянын  документин атайын врачтар ала албай турган кылып, татаал механизмди жазышкан да. Себеби эпиданализди изилдегенде бейтаптан коронавирус табылды. Бирок ПЦР-анализи терс чыкса кенемте бербей коюп атат. Оорукананын башкы дарыгерлери өздөрү алып алган фактылар бар. Мисалы, Шаят Абдурахманов (ред-Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери  Шаятбек Абдурахманов) өзү алды.  Аны биз оорукананын дарыгерлеринен укканбыз”. 

Ал арада Ош облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Шаятбек Абдурахманов бул маалыматты четке какты. Ал коронавирус менен ооруганын ырастады. 

“Мен июль айында коронавирус жугузуп, ооруканага жатып чыктым. Бир тыйын акча алган жокмун, жада калса документ тапшырган эмесмин. Кызыл зонага кирип жүргөнбүз. Бирок бейтаптарды дарылаганы эмес, уюштуруу жагын кабар алат элем. Бул жөн гана каралоо. Мен билгенден Ош облусундагы ооруканалардын бир дагы башкы дарыгерлери кенемте алган эмес”. 

Компенсация тууралуу мыйзам

2020-жылдын 29-июнда ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгонун президенттин сайты жазган. Ага ылайык,  

  • Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда саламаттыгына зыян келтирүүчү оор кырдаалда иштеген медицина кызматкерине төрт орточо айлыгынан кем эмес;
  • Санитардык-карантиндик кооптуу аймактардагы зыяндуу, оор шартта иштегендерге 10 орточо айлыгынан кем эмес компенсация;
  • Ушундай шартта иштеп жүрүп каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 20 орточо маянадан кем эмес өлчөмдө жөлөк пул чегерилери каралган.

Ошондой эле, өкмөт 2020-жылдын 4-майында “Бир жолку акчалай компенсацияны белгилөө жөнүндө” №161 токтом кабыл алган. Ага ылайык, иш учурунда коронавируска чалдыгып, каза болгон медицина кызматкерлерине 1 млн сом, ал эми бул илдетти жугузуп алгандарга 200 миң сом компенсация төлөнүшү керек. 

Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевдин айтымында, бул буйрук министрликтин алдында иштегендерге гана тиешелүү. Ведомствого баш ийбеген ооруканалардын кызматкерлери бул компенсацияны ала албайт. Кенемте төлөө тууралуу чечимди саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы кабыл алат. Аталган курамда министрликтин өкүлдөрү, эпидемиолог, врачтар, жарандык активисттер жана башка адистер бар.

Кенетмени канча адам алды?

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Т-Медиага” билдиргендей, министрликтин атайын комиссиясына компенсация алуу боюнча жалпы жонунан 2400 арыз келип түшкөн. 2020-жылдын 30-декабрына карата 924 кызматкер 200 миң сом өлчөмүндө компенсация алган деп ишендирет министрлик. 

Башкача айтканда, келип түшкөн арыздардын 38,5% гана канаатандырылган. 

Мындан тышкары, COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 32 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү. Учурда дагы эки кызматкердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалууда. Айгерчинованын маалыматына ылайык, пандемияда вирустан каза тапкан медкызматкерлердин саны 93кө жеткен. Демек, алардын үчтөн бири гана кенемте алды. 

Купуя тизме

Министрликтин Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Индира Жумабаева компенсация алган медицина кызматкерлеринин тизмеси ачыкталбай тургандыгын, ал тургай кайсы аймакта канча врач компенсация алгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

“Саламаттык сактоо министри, анын артынан эле орун басары “Болбойт, компенсация алгандардын фамилияларын айта албайбыз. Анткени резонанс жаралат” дешти. Көпчүлүгүгүнүн документтери туура эмес толтурулган. Мисалы, эпидемиологдордун колу жок же кээ бирөөлөрүнүн ооруганын тастыктаган кагазы (больничный) жок болуп чыгат. Менимче аларды артка кайтарабыз го”.  

Жумабаева кенемтени басымдуу жетекчилер алган деген маалыматты четке какты. Айтымында, убадаланган акча эки-үч эле адамга төлөнүп берилген.   

“Жетекчилер компенсация алган деген маалымат жалган, аз эле кишиге төлөндү. Бирок аты-жөнүн сиздерге айта албайм. Алар ооруканада иштеп жүрүп бейтаптарга киргенден кийин ооруганы аныкталды да. Оштон компенсация алган жетекчилер жок. Негизинен көпчүлүгү алган жок, көбүнчө эле медайымдарга берилди”, -дейт Индира Жумабаева.  

Атаандашуу жаралат

Атайын комиссияны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Ал фамилиялардын ачыкталбаганынын себебин дарыгерлер ортосунда өз ара атаандашуу жаралышы менен түшүндүрөт. 

“Эгер, компенсация алгандардын тизмесин жарыяласак “Бул алыптыр, эмнеге мен албайм?” деген атаандаштык болот. Негизи бул жерде жашыра турган деле нерсе жок. Тизмени ачыктоо боюнча маселени вице-премьерлер менен сүйлөшүп көрөйүн”,— деп билдирген. 

Жыйынтык:

  1. Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин 200 миң сом өлчөмүндө компенсация алуу боюнча  келип түшкөн арыздардын 38,5% гана канаатандырылган;
  2. COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн арасынан 30у гана же үчтөн бири 1 млн сомдон каражат алган;
  3. Кенетмени алган кызматкерлердин аты-жөнү купуя сыр бойдон калууда, бул дарыгерлер арасында компенсацияны жетекчилер гана алат деген күмөндөрдү жаратууда.
Автор Жылдыз Орозматова 73 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*