"Майыптыгым мен үчүн чек эмес"
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да, аны тоскоолдук катары көрбөгөн
Нышан Саданова өз аракети менен үй тиричилигин жасап, тигүүчүлүк, кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин туруктуу ишке орношушу кыйын. Мындан улам, алардын каражат табуу маселеси да көйгөй жаратат. Бирок, каарманыбыз Саданова жумуш орун таба албаса да, үйдө олтуруп буюртма менен кийим тигип, кагаздан гүл жасап дүкөндөргө тапшырып бош убактысын күнүмдүк каражат табууга жумшайт.
Нышан Саданова 40 жашта. Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынын тургуну. Ал төрөлгөндөн баштап эле буту тизесинен ылдый иштебей, колунун түзүлүшү да өзгөчө калыптанып калган. Каарманыбыз, тубаса пайда болгон бул өзгөчөлүктөрүн кемчилик катары көрбөйт. Учурда, дени соо адамдардан кем калбай, жашоодо алдына максат коюп, ага жетүү үчүн күрөшүп жатат.
"Аракет кылсам эле, баарына жетише турганыма ишенем"
Нышан Саданова
«Балалыгым ооруканада өттү. 4 жолу операция болдум. Тубаса болгондуктанбы же дарыгерлер алсыздыгынанбы билбейм, айтоор, дарылангандан жыйынтык чыккан жок. Ушул күнгө чейин ата-энемдин жанынан чыккан эмесмин. Аларда, албетте мени "өзүн эптей албайт" деп алыс кетиргенден коркушкан. Өзүмчө бөлүнүп шаарга келгениме аз эле болду. 6 миң сом жөлөк пул алам, батирим 5 миң. Ошентсе да, үйгө кайтып барып ата-энемдин колун карап эле отура бергим келбейт. Өзүмдү-өзүм камсыздап, өз алдымча жашоого умтулуп жатам».
«Чоочун адамдардын көзүнө көрүнгөндөн уялчуумун»
«Кичинемден "Кой аны кыла албайсың", "Колуңдан келбейт" деген сөздөрдү көп уктум. Өзүмдү башкалардан кем сезип, жада калса чоочун кишинин көзүнө көрүнгөндөн уялат элем. Бир кездери жашоодон үмүтүмдү үзө баштаган убак да болгон. Бирок, кийин кандайдыр үмүт пайда болуп, өзүмчө издене баштадым. Интернет аркылуу кайрымдуулук фонд таап, ал жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен тааныштым. Алгачкы, жолугушууда эле бир көзү азиз адамдын сахнада ырдаганын угуп, абдан таасирленгем. Карасам, баары эле үй бүлөлүү, өз алдынча аракеттенип жашап жаткандар. Көрсө мен гана өзүмдү чектеп жүрүптүрмүн. Демек, жашоо бар турбайбы деген ой келген. Ошондон бери, жашоого көз карашым, аракетим өзгөрдү».
Нышан Саданова
«Мүмкүнчүлүгү бар, дени соо туруп, аракет кылбагандарга таң калам»

Саданова, бир жыл мурун жаштайынан тилеген максатын орундатып, атайын мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн тигүү курсуна окуп келген. Ошондой эле, мончоктон шакек, браслет сыяктуу аксессуарларды өз колу менен токуйт. Кичинесинен эле энесин, эжелерин карап жүрүп жип менен кийим токугандыда үйрөнүп алган.
Колу-буту соо турсада, адамдар бир келген жашоодо эмнеге умтулуп жашабайт?
«Кудайым бүт мүмкүнчүлүктү берсе да, аракет кылбай, бекер эле күн өткөрүп жүргөндөр бар. Кээде ушундай адамдардын, кайдыгерлигине капа болуп кетем. Мен өзү, буюртма алып кийим тиккенге аракет кылып жатам. Бирок, азырынча ишенип тиктиргендер аз. Мени көрүп, "бул кантип тикмек эле", "окшоштура албайт", "бузуп коёт" деп ойлошот. А негизи, кийимдеримдин көпчүлүгүн өзүм тигип кийем».
Нышан Саданова өзү жасаган гүлдөр
Бир күндө, 10дон ашык гүлдөн турган бир букет даярдоого үлгүрөт
Бул аксессуарлардын баарын, оз колу менен жасаган.
Мончокту жипке өткөрүү, Зина эже үчун көп кыйынчылык жаратат. Себеби, колунун туура эмес өрчүшүнөн улам, аны башкаруу кыйын.
Left
Right
«Азыркы максатым үйлүү болуу»
«Ушул үйрөнгөн нерсемдин баарын алдыга алып чыгып, бизнес катары өнүктүрүп алсам дейм. Кийин, чакан мектеп уюштуруп, билгенимдин баарын өзүм сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үйрөткүм келет. Азыр турак жай алууга аракет кылып жатам. Документ иштерин үйрөнүп, мэриядан да жардам болуп калабы деген үмүт менен катталып койгом. Бирок, мен сыяктуу муктаждар көп экен. Негизи ал жактан үй берилиши мүмкүнбү билбейм».
Автор
Наргиза Анарбай кызы