
Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 50 билдирүү түшкөн. Анын отузу аймактык шайлоо комиссиялары боюнча даттануулар. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-январда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Шайназаров кошумчалагандай, мындан тышкары да добуш сатып алуу боюнча бир факты, техникалык мүчүлүштүктөр боюнча жети даттануу, үгүт маалында мыйзам бузулушу боюнча үч билдирүү, административдик ресурстун колдонулушу боюнча бир факты жана башка даттануулар бар. Учурда тийиштүү органдар ар бир фактыны текшерип, чечим кабыл алынган.
Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. БШКнын билдирүүсүндө, 10-январь, 23:00гө карата добушканалардын 98% автоматтык эсептөө үкөктөрдүн маалыматтары келип түштү. Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоодо добуштардын 79,16% Садыр Жапаров алып, алдыга чыкты. Бул сан улам жаңыланууда.
Оставьте первый комментарий