Тынчтыкты бекемдеген Азаматтар
Жөнөкөй кадимки эле айыл турмушу. Күнүмдүк иштер. Ата менен баланын жай баракат маеги. Азамат Төрөбай уулу келечектеги энергетик, азырынча окуу курстарынын биринде администратор болуп иштейт. Бардык эле айылдыктардай жөнөкөй, кичи пейил, алдына чоң максаттарды койгон жыйырма жаштагы жигит Баткен облусунунун Самаркандек айылында карапайым эле үй бүлөдө чоңоюп, ошол жерде орто мектепти бүтүргөн.
Самаркандек айылы Баткен облусунун Баткен районунунда, коңшу Тажикстан мамлекетинин Исфара районунун Чоркух айылы менен чек аралаш жайгашкан. Бул эки аймак акыркы 20 жыл аралыгында маалымат агенти маалымат айдынында көп аталып келет.
Бул эки аймак акыркы 20 жыл аралыгында маалымат айдынында көп аталып келет
Ушундай жаңылыктар байма-бай пайда болуп, анын артында канчалаган ый, адамдардын өмүрү жана эки боордош элдин кыйналганын гана окуп билбесек, эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин назиктигин көрсөтөт. Бул аймакта жашабаган кишилерге чынын айтканда бүдөмүк, себеби такталган чек ара жок. Кайсы жер тажик тараптыкы, кайсы жер Кыргызстанга караштуу экенин биринчи караганда түшүнүп да көрүүгө мүмкүн эмес. Себеби азыркы күнгө чейин бул жерлер #талаш_болуп _келет.
Эми болсо биздин каарманыбыз Азаматка кайтсак. Азамат өзүн активист деп деле эсептебейт. Жөн гана эки элдин достугун бекемдесе болорун ал сөз менен эмес видеонун жардамы менен далилдеди. Азамат менен бирге ошондой эле эки элдин достугун бекемдөө, салт-санаа, үрп-адаттарды үйрөнүп, бири-биринен жакшылык гана жагын алган дагы бир каарман бар - бул тажикистандык Иброхим.
"Менин жаңы үй бүлөм"
Менин жаңы үй бүлөм деп аталган алты бөлүктөн турган видео 2019-жылы Баткен облусунун Кулунду айылында жана Тажикстандын Согди облусунун Бобожан Гафуров районунун Кистеварз айлыныда тартылган. Долбоордун мааниси жөнөкөй. Эки элдин өкүлдөрү 15 күн бою үй бүлөсүн алмаштырып бири-бириникинде жашап келишет. Мындайча айтканда тажик жараны Кыргызстандагы кыргыз үй бүлөсүндө, ал эми кыргызстандык Тажикистанда тажик үй бүлөсүндө жашап көрүшмөй болгон. Бул долбоор Европа биримдиги жана #Интерньюс уюму тарабынан ишке ашырылган.
"Ал фильмде негизинен эки каарман жана эки үй бүлө бар. Алар эки баланы алып келип, башка-башка улуттун үй бүлөсүндө жашатат. Ошол жердеги жашоону көрүп, соцтармактарда тажик-кыргыз чек арасында чыр-чатакка байланышкан маселелерди азайтуу, бул жерде тынч жашоо бар деген маалыматты таркатуу болгон"
Жаңы үй бүлөгө түшкөн Азамат менен Иброхим эки элди сыртан эмес, ички жашоосун билүүсү зарыл болду. Видеобаяндын бир бөлүгүндө экөө жөнөкөй күнүмдүк жашоосун биргеликте өткөрсө, дагы бир бөлүгүндө каада-салт жана үрп-адаттарын үйрөнүштү.
Иброхим Кыргызстанга келип үй куруучу болуп иштеген тажик жарандарына жолугуп, алар менен да маектешкенге жетишти.
Тоо койнунда жашаган тоолук кыргыздардын кымызын ичип, аккордеон кайрыктарында ырдап көңүл ачышты.
Нукура кыргыз даамдарын тамшана жеген Иброгимге кымыз, тан, максым суусундуктары абдан жакты.
Азаматка болсо эң эсте калганы - бул футбол оюну болсо керек. Азамат анча чоң эмес жаракат алып, бирок анын тажикистандык достору тез жардам унаасын чакырышып, мейманына жардам беришти.
Азамат кызыктуу окуяларга бай болгон бул долбоор максатына жетти деп эсептейт. Анткени ал Тажик элинин чыныгы жашоосу менен таанышып, эки элдин турмуш-тирийчилигинде өтө деле чоң айырма байкалбаганын билдирди.
Азамат коңшу өлкөнүн базарын кыдырып, жөнөкөй карапайым элдин кадимки турмушун көрүп, тажик жана кыргыз элинин тарыхына көз чаптырып, маданияты менен таанышты.

Азамат кызыктуу окуяларга бай болгон бул долбоор максатына жетти деп эсептейт. Себеби Азамат менен Иброхим бири-биринин чыныгы жашоосун, карапайым эл бир гана тынчтыкты жана достукту мындан да ары бекемдөөгө даяр экенин, эки улут болгону менен жашоосунда, каада-салттарында, күнүмдүк турмушунда өтө көп окшоштуктар бар экенин, жана эң негизгиси уруш талаштын эч кимге кереги жок экенин жүрөгү менен билишти.
Арадан бир жыл өтсө да Азамат өзүнүн тажик үй бүлөсүн азыркыга чейин жылуу сезимдер менен эстеп турат. Ким келбесин досторубу же кошуналарыбы, айтор баары менен сүйлөшкөндө да сөзсүз Тажикистанда жашап келген күндөрүн, жакындарына кызыктуу окуяларды айтып берет. Алар да Азаматты кичи пейил жакшы мүнөзү бар экенин кошумчалашты.
"Чек арада кандай окуялар болуп атканын азыркы учурда көрүп турасыздар. Кандуу кагылышууга чейин барып жатышат. Бул долбоорлор биздин айылга жана мамлекетке керек. Себеби эки элдин ынтымагы саясаттан да көз каранды. Тарыхты карай турган болсок, эки эл канча жылдан бери ынтымакта жашап келе жатат. Биз демек тарыхтан да сабак алышыбыз керек. Эки элдин ынтымагына багытталган долбоорлор болсо, мен сыяктуу жаштардын багыты туура", -дейт Азаматтын досу Убайдулла Назаркулов.
Азамат коңшу өлкөдөн тапкан достору менен баарлашып турарын айтат. Бирок карантин убагында бир аз байланыш үзүлгөн.
"Пандемияда албетте байланыш үзүлдү. Кийин ал-акыбалыбызды сурашып турдук. Бирок пандемия маалында кыйын болду же Тажикстанда интернет начар болгондуктанбы, айтор билбейм".
Учурда эң негизги маселе бул чек араны тактоо иштерин жыйынтыгын чыгаруу, карапайым элдин үмүтү болсо бир гана бийликте. Ушул тапта кыргыз- тажик чек арасы 970чакырым аралыкты түзсө, анын 450 чакырымы талаш бойдон калууда.
"Биздин чоңдор анчалыкка бара албай жатышат да. Негизи эки тараптын чоңдору жолугуп чечишсе болот, чечилбеген маселе жок. Эки тараптуу сүйлөшүүгө барышса чек ара, суу маселеси бир нукка түшмөк. Эл да кыйналбай жакшы жашап кетмек", -дейт Төрөбай Абдуллаев.