Ошто 15 күндөн бери газдын басымы төмөн болууда. Качан калыбына келиши белгисиз

Ош шаарында табигый газдын басымы калыбына келе элек. Январдын башынан бери 10 миңге жакын абонентте көгүлтүр отун басымы дээрлик 15 эсеге төмөндөгөн. Абалды «Газпром Кыргызстан» компаниясы кошуна Өзбекстандын мунай иштетүүчү жайында авариялык кырдаал түзүлгөнү менен түшүндүрүп келүүдө.

Сиядат Букенова Ош шаарынын Төрөбай Кулатов кичи районунда жашайт. Айтымында, ал жашаган аймакта 10-15 күндөн бери көгүлтүр оттун басымы кескин төмөндөп кетти. Күндүз 3-4 саат гана улуу келбесе, эрте менен жана кечке маал таптакыр азайып дээрлик пайдаланганга болбойт. Үлбүлдөп жанган газ жашы 70ке таяп калган Сиядат апаны жүдөттү.  

«Күндө ушул абал. Кыштын күнү. Көп кабаттуу үйдө мындай газ менен жашаш бир топ эле кыйын. Тамак убагында бышпайт».

Газдын басымынын төмөндөшү Сиядат Букеновага окшоп көп кабаттуу үйдө жашагандарды кыйын абалга салды. Анткени көп кабаттуу үйлөрдө көгүлтүр отко болгон муктаждык жогору. Ошону менен катар шаардын четиндеги Ишкаван айылы менен Ак-тилек кичи районунун тургундары да түйшөлгөнүн айтып нааразы. Аталган аймактарда газдын басымы декабрдан бери аз болуп жатат. 

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын Ош филиалынын маалыматына караганда, январдын башынан бери Туран, Амир-Темур, Актилек, Ишкаван, Курманжан Датка, Анар жана Төрөбай Кулатов кичи райондорунда, тактап айтканда 10 миңге жакын абонентте газдын басымы төмөндөгөн. Калган аймактарда өзгөргөн эмес. 

Мекеме мындай абалды Өзбекстандын мунай иштетүүчү жайында авариялык кырдаал түзүлгөнү менен түшүндүрөт. Азырынча Ош газ филиалы газ жеткирүүдөгү кыйынчылык качан жөнгө салынарын болжол менен да айта албайт.

«Өзбекстандан келген газдын басымы мурда 5 атмосферага чейин болчу. Азыр 0, 3 болуп жатат. Бул 15 эсеге аз. Биз коңшу өлкөгө билдиргенбиз. Ал жакта өздөрүндө чоң аварияг болуптур. Ошого байлашынтуу калыбына келгенде жөнгө салынат деп айтышты. Бирок качан келиши боюнча бизге жооп айта элек», — «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Ошгаз филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматов.

 

Ушундай эле абал Баткен, Кадамжай жана Ош облусунун Кара-Суу райондорунда да болуп жатканын кошумчалаган мекеме абоненттерин түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 5128 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо