УКМК: Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчысы кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 12-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы расмий кабарлады.  

Айыл өкмөт башчы кечээ, 11-январда кармалган. Ал Савай айылындагы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы 1 млн. сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле ал аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай пайдаланууга уруксат берген.

Мындан сырткары Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп, бул ишке күбө катары сурак берүүдө.

Айыл өкмөттүн башчысы — Мунарбек Сайпидинов. УКМКнын кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгалары (М.С) менен берген. Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысы —Мунар Сайпидинов. Демек, анын ысымына жана фамилиясына дал келүүдө. Сайпидинов жана анын жакындары менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Мунарбек Сайпидинов кармалып, эки күнгө камакка алынганын жергиликтүү сайттар кечээ кечинде жазып чыгышты.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4048 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо