Билим берүү министрлиги: ЖОЖдор февралдан баштап ачылат

Кыргызстанда Жогорку окуу жайлары менен колледждер февралдан баштап кадимки тартипте окутууга өтүшөт. Бирок толук эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров бүгүнкү жыйында билдирди.

«Өлкөдөгү жогорку окуу жайлар жана колледждердеги окуу процесси офлайн-режимге февралдын башында же ортосунда өтүп калышы ыктымал. Бирок окуу жайга жумасына 2-3 жолу эле барып, практикалык жана лабораториялык сабактарга гана катышышат», — деди министрдин орун басары.

Лекциялык сабактар онлайн-режимде өтөт. Окуу тартиби ар бир ЖОЖдо студенттердин санына жараша ар кандай жүрөт.

Эске салсак, өлкөдө Жогорку окуу жайлар менен колледждер панлемияга байланыштуу 16-мартта жабылган. Андан соң онлайн форматта окутууга өтүшкөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5486 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо