
8-декабрь күнү саат 14:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Фурманов көчөсүндө жайгашкан «Достук» мончосунун жанынан 45-55 жаштагы азиат улутундагы жарандын денеси табылган. Өздүгү аныкталбаган кишини кароодо жарааты жок, өз ажалы менен каза болгону аныкталган.
Белгилери: Бою 160-165 см, чачы, көзү кара, дене түзүлүшү орточо келген, сакал, муруту өскөн.
Кийген кийимдери: Башында кара түстөгү шапка, үстүндө кара түстөгү куртка, ичинде кара түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовки.
Жогорудагылардын негизинде Жалал-Абад милициясы өздүгү аныкталбаган жансыз дене боюнча кандайдыр бир маалыматтар жана аны тааныган атуулдар болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлоону суранат.
Байланыш тел: 102, (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.
Оставьте первый комментарий