
Депутат Аккулу Бердиев кыргыз-кытай чек арсындагы «Эркештам» өткөрмө пунктунда турган 17 фура алтын концентратын чыгарбоону талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымына караганда, алтын концентратын чыгарып бара жаткан компаниянын документи жасалма. Ал эми лицензиясы атайын өчүрүлүп оңдолгон. 17 фура алтын концентраты кармалып турса, экөөсү Кытайга өтүп кеткен.
«Соттун чечими чыкканга чейин ушуну токтосоңор. Мурдагы системага түшүп калган нерсе дагы деле уланып жатат. Бул системанын өкмөт үчүн дагы, эл үчүн дагы эч кандай пайдасы жок. Контрабандадай болуп, өлкөгө зыян келтирип эле чыгып кетип жатат»,- деди Бердиев.
Депутат кошумчалагандай, бул боюнча фактыны финансы полициясы кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
Оставьте первый комментарий