Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралууда

Сүрөт: Кундуз Ажибекова

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасы аныкталууда. Ишти бүгүн, 13-январда Ош шаардык соту карап жатат.

Сайпидиновго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылган. Ал кызмат абалын кыянат пайдаланган деген шек менен 11-январда кармалганын УКМКдан билдиришкен. Айыл өкмөт башчы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы 1 млн. сомго негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Ошондой эле ал аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай пайдаланууга уруксат берген.

Мындан сырткары Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп, бул ишке күбө катары сурак берүүдө.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо