Ошто милиция кызматкерлерине кол салуу болду, шектүүлөр изделүүдө

13-январга караган түнү болжол менен саат 01:10 чамасында Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кол салуу болду. Эки милиция алган жараатынан улам, райондук ооруканага жеткирилген.

Облустук милиция тараткан маалыматка ылайык, окуя Кара-Кулжа районунун Суранбай көчөсүндө болгон.

«Кызматкер өзүнө таандык болгон  «Нива»  үлгүсүндөгү автоунаасында олтурган  учурда ага бейтааныш жаран  кол салган. Унаанын алдыңкы капталдагы айнегинин сыртынан 16 калибрдеги ок атуучу куралдан капысынан ок чыгарган. Б. Снын эки далысына 7-8 чачма октор тийген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, унаадан түшүп жатканда тергөөчү Д. Кга да эки жолу ок чыгарган. Тергөөчү табелдик куралы менен атуулду көздөй бир жолу ок аткан. Бирок ал качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда Кара-Кулжа районуна «Перехват» операциясы киргизилген. Райондун Ак-Кыя айылына жана Кара-Кулжа айылына посттор коюлду. Сотко чейнки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнү аныктап, кармоо боюнча иштери жүргүзүлүүдө. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4069 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо