Соцфонд төлөмдөрү кымбаттады. Канча сомго чейин?

Кыргызстанда социалдык фондго төгүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгып, кымбаттады. Мамлекеттик салык кызматы тарифтин көтөрүлүшүн орточо айлык акы жогорулаганы менен түшүндүрүп жатат. Анткени 2015-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, социалдык төлөмдөр жыл сайын январь айында орточо маянага жараша эсептелет. 

Ошто жеке ишкерлик менен алектенген Сабырбек Урсалиев камсыздандыруу полисине бул айда мурдагыдан көбүрөөк акча төлөдү. Буга чейин 691 сом төлөйт эле. Ал эми январда 757 сом төктү. Кызыгы ал камсыздандыруу полиси жаңы жылдан көтөрүлгөнүн төлөгөнү келгенде гана билди.

«66 сомго айырма бар экен. Азыркы убакытта салык төлөөчүлөр үчүн бул сумма анчалык деле чоң акча эмес. Баарыбыз ушундай төлөсөк Кыргызстандын бюджетин толтурганга мүмкүнчүлүк бар. Бирок чындык жана адилеттүүлүк менен болсо биз ыраазыбыз», -дейт “Лидер Ош” такси кызматынын жетекчиси.

Сабырбек Урсалиевге окшоп социалдык фондго төгүлүүчү камсыздандыруу төлөмдөрү качан жана эмнеге жогорулаганын билбегендер көп. Бирок көпчүлүгү тарифтин көтөрүлгөнүн колдобойт, арасында пенсия кийин ошого жараша болот деп туура түшүнгөндөр да бар.

«Милдеттүү патенттин баасы 1487 сом болуп калыптыр. Мурда 1381 сом болчу. Албетте оор келет, патент, соцфонд бириккенде көп төлөп калабыз. Азыр 106 сом кошуп төлөп атабыз», -деди Ош шаарынын тургуну Зарипа Мамажанова. 

«Жаңы жылдан кийин 750 сомдон төлөп атабыз. Былтыр декабрад 650 сом болчу. Эми төлөй береличи, пенсияга кошулат деп атышат го», -дейт Хуснидин Ахмедов.

Салык кызматынын маалыматына караганда, камсыздандыруу төлөмдөрү жаңырган жылдын январь айынан баштап көтөрүлдү. Анткени 2015-жылы күчүнө кирген мыйзамга ылайык, социалдык төлөмдөр жыл сайын январь айында орточо маянага жараша эсептелет. Бул жылы Кыргызстанда орточо маяна 17 232 сом болгон. Ал эми Ош шаарында 14 866 сомду түзгөн. Ага ылайык, камсыздандыруу полиси түштүк калаада төмөнкүдөй эсептелет:

  • 2019-жылы ыктыярдуу патент менен иштегендер 691 сом төлөшсө, эми 757 сом;
  • 2019-жылы милдеттүү патент менен иштегендер 1381 сом төксө, жаңы жылдан 1486 сом.

«2021-жылдын 1-январынан тартып Улуттук статистика комитети орточо айлыктын көлөмү боюнча маалымат берген. Ошонун негизинде былтыркы жылга салыштырмалуу ыктыярдуу патент менен иштегендер 757 сомдон төлөйт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 66 сомго кымбат. жеке ишкерлер жана милдеттүү патент менен иштегендер 1486 сомдон төлөп баштайт. Былтыркы жылга салыштырмалуу ортодогу айырмачылык — 105 сом», -дейт Ош шаардык салык башкармалыгынын камсыздандыруу төлөмдөрү бөлүмүнүн башчысы Улан Ураимов. 

2015-жылдын августунда күчүнө кирген мыйзам боюнча социалдык төлөм кескин көбөйгөн. Социалдык фонд муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган. Камсыздандыруу төлөмдөрү канчалык көп болсо, пенсия ошого жараша төлөнөт делгени менен бул чечим көпчүлүктүн нааразылыгын жараткан эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5489 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо