Өзгөндө жеке клиникадан чыккан өрттөн бир бейтап күйүк алып ооруканага түштү

Кечээ болжол менен кечки саат 6ларда Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндөгү жеке менчик клиникадан өрт чыккан. Анын кесепетинен 75 жаштагы бейтап денесинен күйүк алып ооруканага жеткирилген. Калган 11 бейтап куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 18:43тө 1 бөлүм, 18:25те 2-бөлүм, дагы кошумча бир бөлүм тартылган.

Клиниканын имаратынан чыккан өрт менен ӨКМ кызматкерлери 4 саат күрөшүп, 21:42де толук өчүрүлгөн.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*