Ош шаарында бүгүн 14-январдан салттуу окуу башталды
Бир жылга жакын убакыттан соң, айрым мектептер бүгүн 14-январдан баштап иштей башташты. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, азырынча окуучунун саны аз мектептердин толук кандуу иштешине уруксат берилди.
Калган билим уялары эки апта аралыгында өтүшү күтүлүүдө. Мектептер менен бирге бала бакчалардын да иши бүгүндөн тартып жанданган.

Алар кандай тартипте иш алып барып жаткандыгын биздин кабарчыбыз сүрөткө түшүрүп келген.
Окуучулары 4 миңге жакын Киров атындагы мектеп-гимназиясы азырынча алгоритм боюнча жарым-жартылай иштеп жатат. Эртең, 15-январдан тартып кадимки окуу режимине толук кандуу өтөт.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын билдиришинче, көпчүлүк мептептерде окуучунун саны миңден ашкандыктан ар бир классты аралыкты сактоо менен шахмат түрүндө жайгаштыруу мүмкүн эмес. Мындан улам, окуучуларды мектептин кире беришинен текшерип киргизүүнү күчөтүү каралып жатат.
Кээ бир мектептерде толук кандуу окуу жандана элек. Буга чейинкидей эле, 1-класстан 4-класска чейин жана 11-класстын окуучулары гана аралыкты сактоо менен окутулуп жатат.
Мектепке барганда ар бир окуучунун жанында антисептик каражаты жана беткап болуусу шарт.
Кара-Суу районунун №101 К.Момбекова атындагы орто мектеби
Мектептерден сырткары, мамлекеттик бала бакчалардын жогору жаштагы жана мектепке даярдоочу тайпалары да бүгүндөн иштеп баштады. Мында, балдар маска такпайт бирок аралыкты сактап отургузулуп жатат.