Кара-Суунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы жазга чейин үй камагында калды

Сүрөт: Кундуз Ажибекова

Ош облустук сотунан Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов 11-мартка чейин үй камагына чыгарылганын билдиришти. 

«Үй камагында болгон учурда ар күнү саат 22:00дөн 06:00гө чейин жашаган жери (Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылындагы үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынды. Тергөөчүнүн биринчи чакыруусу менен келүүгө, жашаган аймагынан сырткары чыкпоого милдеттендирилди. Токтом кабыл алууда шектүүнүн туруктуу жашаган жери такталып, келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыян толугу менен төлөнгөнү жана үй-бүлөлүк абалы эске алынды. Шектүүгө коюлган чектөөлөрдүн аткарылышын Ош ШИИБинин башчысына жүктөлсүн «, -деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык соту 13-январда Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык караган.

УКМК 11-январда Мунарбек Сайпидиновду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектеп кармаган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, айыл өкмөт башчы мектептин спорт залынын курулуш иштеринин суммасы 1 млн. сомго негизсиз жогорулатканы аныкталган. Ошондой эле ал аталган объектинин сапатсыз жасалганына карабай пайдаланууга уруксат берген. Мындан сырткары Ош шаары жана облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ар кандай жосунсуз иштерге барганы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп, бул ишке күбө катары сурак берүүдө.

Парламенттик шайлоодон кийинки төңкөрүлүштөн кийин УКМК Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн. Көп өтпөй Сайпидинов комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайырылып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын билдирген.

Ал эми Ташиев Сайпидиновду кабыл алгандан кийин, УКМК «саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбей» турганын билдирген. Анын эртеси күнү Савай айылынын депутаттары Сайпидинов аларды коркутуп, басым жасаганына даттанышкан.

33 жаштагы Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде катышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4070 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо