Карантинде үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү

Таш салынган дөңгөлөктү мойнуна илип, кордогон зөөкүр эрин кечирген 47 жаштагы сузактык аялдын окуясы эсиңиздеби?

Окуянын видеосу былтыр социалдык тармактарда тараган. Коомчулуктун кыжырлануусун жаратып, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун символу катары белгилүү болду. Карантинде үй-бүлөлүк жаңжалдардын саны 65%га өскөн. Аймактарга бөлүп эсептегенде эң көп катталган учур Бишкек шаары менен Чүй облусуна туура келет. Андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустары турат. Мисалы, Ош облусунда быйыл 800гө жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

2020-жылы Ош облусунда үйбүлөлүк зомбулук боюнча 756 факты катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 124 учурга көп. Быйыл Өзгөн, Араван, КараСуу жана Ноокат райондорунда үйбүлөлүк зомбулук фактысы көп катталган.

«Катталган үйбүлөлүк зордукзомбулук 2019-жылга салыштырмалуу кескин түрдө өскөн. Мунун себеби пандемияда баары үйдө болуп, ошонун негизинде өсүп кетти. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында саны азайды”, — дейт Ош облустук прокуратурасынын өкүлү Абдирашит Кубатидинов.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстан боюнча 8 261 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жабыркагандардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Эркектердин жабыркашы дээрлик 10%га жетпейт. Талдоочулардын баамында, көрсөткүчтүн жогорулашын пандемия менен гана байланыштырганга болбойт. Гендердик эксперт Диана Макенбаева мындай дейт:

“2017-жылы “Үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” деген мыйзам кабыл алганбыз. Ошого байланыштуу көп функцияларды аткара баштаганда биз көрсөткүчтөрдүн көбөйгөнүн көрдүк. Жарандар да кайрыла баштады. Коргоо ордеринин берилиши да себеп болот да. Биз ошол аркылуу дагы статистиканы көрө алабыз”.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтымында, азыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандардын укугун коргоо оңой иш эмес. Кайрылгандардын дээрлик көпчүлүгү жазган арызын кайтарып алышат.

Үйбүлөлүк зомбулуктун кесепетинен аялдар олуттуу жаракат алганын көрдүк. Бизге өтө кооптуу, үйбүлөлүк зомбулуктар боюнча арыз менен кайрылышат. Аялдар оор жаракат алган учурларда болот. Алардын оор абалда 115 номери аркылуу биринчиден болуп бизге кайрылганы жакшы, анткени өз учурунда медициналык жардамдар берилет. Ошондой оор абалда да бизге келишет, биз аларга ар тараптуу жана юридикалык жардамдарды берип келебиз”.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоо маселеси мыйзамда каралган. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жабырлануучунун арызынын негизинде аны коргоо үчүн атайын милиция кызматкери бөлүнөт.

Укук коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулук фактысы ушул жылдан тартып азайышы мүмкүн деп эсептешет. Анткени 2020-жылдын июнунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «Жазык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам 2021-жылдан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген адам 48 саат кармалат.

“Бизге бул аябай жакшы. Негизи зордук-зомбулук көрсөткөн адамды 48 саатка камасак, кийинки жолу мындай кадамга бараарда кичине болсо да ойлонот. Себеби 48 саат камалганда адам көп нерсени ойлонот. Жалгыз отуруп көп нерсени түшүнөт”, — дейт Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Гапарова.

Акыйкатчы институту да үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген адамдын 48 саатка кармалышын кубаттайт. Анткени азыркы Жоруктар кодексинин 75-беренесине ылайык, 30 миңден 60 миң сомго чейин салынчу айыппул айрым үй-бүлөлөргө терс таасирин тийгизет.

“Зомбулуктун 99%ы ажырашууга алып келет, бирок ошондой учурда дагы зомбулук токтобойт. Мисалы, пандемия учурунда ушуга байланыштуу окуя болду. Алар ажырашса да эркек киши аялга зомбулук көрсөткөн. Пандемия учурунда сот алардын расмий ажырашуу мөөнөтүн да белгилеген. Ага карабастан күйөөсү баласын көргөнү келип, көчөдө сүйлөшүп турган учурунда аял милицияга чалган. Укук коргоо кызматкерлери келип таппай калышкан. Көчөгө жакын жердеги кафеге киргенде күйөөсү аялын аябай оор абалда сабап койгон. Биз жабырлануучу менен эки ай иштештик. Тилекке каршы, ага карабай тосмо арыз жазып койду”, — дейт Токон Мамытов.

Аталган институт мындан сырткары мамлекеттик каттоо кызматына да сунуш киргизүүдө. Эгер ал ишке ашса, мындан ары жаңы турмуш куруп жаткан жубайларга жеринде алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Кошумчалай кетсек, кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт.

Бул материал Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Материалдын мазмуну «Таиржан Турсуналиев атындагы «Ынтымак» Медиамектеби» Коомдук бирикмесинин жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4070 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо