Коронавирус бүгүн 136 адамдан табылды. Бишкекте 3 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3 бейтап каза болду. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын саны 136ны түздү. Айыгып чыккандар 205. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын 83ү Бишкектен, 34ү Чүйдөн, экөө Ош облусунан, бирөө Таластан, беши Нарындан тогузу Жалал-Абаддан, экөө Баткенден.

Ушул тапта стационарда дарыланууда 806 бейтап жатат. Алардын ичинен 12 адам канааттандыраарлык, 515 орто, 238и оор, 41 бейтап өтө оор абалда.  Амбулатордук дарыланууда – 1047 бейтап жатат.

Жалпы коронавирус жуктургандардын саны өлкөдө 18-марттан 14-январга чейин 82 723 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 78 563. Тилекке каршы, курмандыктардын саны 1378.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4024 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо