Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты ырчы Самара Каримованын жетекчи болушуна каршы болушууда. Видео

Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайынын эмгек жамааты ырчы Самара Каримованын директор болушуна каршы чыгышууда. Жаңы жетекчи бүгүн жумушка барган. 

Музыкалык окуу жайдын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн окутуучусу Нурила Аттокурова, ырчы таланаттуу  болгону менен жетекчи боло албайт деп эсептейт.

«Мен бул кыздын талантын, үнүн баалайм. Бирок жетекчи боло албайт. Биздин окуу жайдын тарыхында канчалаган залкар, профессионалдар иштеп келди. Ар бир тармакты өзүнүн адиси жетектегени жакшы. Азыркы жетекчибиз жаман иштеген жок. Бүт шарттарды түзүп берди. Иштеп жаткан адамга келип эле, «буйругум бар» деп ордуна олтуруп алса болмок беле. Бул туура эмес. Ал эми соттон утуп алганы башка маселе. Азыркы сотторду билебиз», —деди Нурила Аттакурова. 

Окуу жайдын дагы бир кызматкери Жаныбек Оторбеков, жетекчилик кызматтын айынан жумуштары үзгүлтүккө учурап жатканын кошумчалады.

«Биздин музыка жаатында, чыгармачылык системада, жумушка алганда биринчи дипломуңду карайт. Бүт документтерди көрөт. Ар бир кызматкер окуп келген билими боюнча иштеп олтуруп, анан жетекчиликке барыш керек. Бул ырчы мурда да келген. Дагы ушул маселе. «Директор алмашат» дегенден бери бизде маанай жок. Ишибиз үлгүлтүккө учурап жатат. Өзү маданият үйүн ачып, ишчилерди алып иштей берсе деле болот да», — деди Жаныбек Оторбеков.

Ал эми окуу жай директору Нурлан Каримов кызмат талашпай турганын айтат. Учурда ал буйрукту күтүп жатат.

«Мен учурда буйрукту күтүп жатам. Булар «15-январдан баштап жумушка чыгам» деп келишти. Мен уруш-талаштан алыс кишимин. Мага кызматтын кереги жок. Кайда болсом да жумушумду таап, иштеп кете алам жана иш тандаган адам эмесмин. Эгер мыйзамдуу буйрук чыккан болсо, кетем» —дейт  Нурлан Каримов.

 

Ал эми Самара Каримова колунда соттун чечими менен министрликтин дайындоо боюнча буйругу да бар экендигин айтат.

«Мыйзамдуулук орноду. Соттор адилеттүү чечип берди. Менин колумда буйрук турат. Соттун чечими бар. Бошотуу тууралуу буйрук да колумда. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Сотко кайрылганыма жарым жылдай болуп калган. Эми чечим чыкты. Эртеңден баштап жумушумду баштайм. Ар бир жерде ызы-чуу болот. Буга чейин кандай эмгек кылсам, азыр да ошондой эмгектене берем. Мага айтылып жаткан сындар туура эмес. Жетекчиликте менеджерлик сапат, акча каражат табуу сыяктуу жактар да болушу керек», — дейт Самара Каримова.

Маданият маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Самара Каримованын соттон утуп алганын Азаттыкка кечээ ырастаган. 

««Кызматы кайра калыбына келтирилсин» деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек» — деген министр.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындаган. Бирок эки күндөн кийин бул буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алганын билдирген. 

Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайы 1930-жылы курулган. Учурда 200 студентке 10 ийрим боюнча билим берилет. Жамаатта 93 кызматкер эмгектенет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4069 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо