УКМК депутат Дүйшөн Төрөкуловду кармаганын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 15-январь күнү Ош шаарында кармалган. Биринчи Май райондук соту депутатты эки айга УКМКнын СИЗОсуна киргизген.

Бирок ал кайсы коррупциялык ишке шектелип кармалганы боюнча ачыкталган жок.

Айрым маалымат каражаттарында жана ютубь каналында буга чейин депутат Оштогу заводдордун бирин коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алганы боюнча жарыяланган.

Видеодо Варис Абдуллаев аттуу жаран бизнесин тартып алгандардын арасында депутат Дүйшөн Торокуловду да атаган.

Ишкердин айтуусунда ал 2000-2004-жылдары «Ош-кожа» тери заводун иштетип келген.

«2004-жылы УКМКнын атын жамынгандар мени адам өлтүрүүгө айыптап, Кытайга өткөрүп жиберген. Ал жактан чыгып келсем бизнесимди башка бирөөлөр иштетип жатыптыр. Аны Жантай Шаминов аттуу таанышым Дүйшөн Торокуловго жасалма документ менен өткөрүп салыптыр. ИИМге кайрылдым, 1 жылдын ичинде эч кандай жыныйтык болгон жок. Кийин Шаминов милицияга «Дүйшөн Төрөкулов аттуу депутат өткөрүп бер деп коркутканда, бергемин деп» айткан. Эми азыр УКМК, прокуратурага кайрылып кайтарып беришин суранып жатам»,  — деген видео кайрылууда өзүн Варис Абдуллаев деп тааныштарган жаран.

Ишкер Кыргызстандын жараны экенин айтып, бизнесин түптөөдө көп каражат кетиргенин, мыйзамдуу ээси катары кайтарып берүүнү суранган.

Кечээ депутат менен бирге ошол эле учурда ишкердин кайрылуусунда аты аталган Жантай Шаминов да Чүйдө кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*