УКМК: Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы кызматтан алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызматтан алынганын билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кечээ 14-январда УКМКнын тергөө органдарынын өтүнүчү жана Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин кызматынан бошотулган.

Ал, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип 11-январда кармалган.

 «Сайпидинов айрым жооптуу адамдар менен биргеликте Савай айылындагы мектептин спортзалы сапатсыз курулганына карабай пайдаланууга берген жана аны курууда жумуштун көлөмү 1 млн сомдон ашык көрсөтүлгөн» — деп билдирген УКМК.

Мындан сырткары, ал Ош шаарынын жана облусунун аймагында кылмыш жасоо максатында уюшкан кылмыштуу топту түзүү фактысы боюнча күбө катары суралган.

Ош шаардык соту 13-январда Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасын карап, эки айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Ага Савай айылындагы жашаган үйүнөн сырткары чыгууга тыюу салынып, тергөөчүнүн чакыруусу менен келүү милдеттендирилген.

«Токтом кабыл алууда шектүүнүн туруктуу жашаган жери такталып, келтирилген 1 млн 33 миң 700 сомдук материалдык зыян толугу менен төлөнгөнү жана үй-бүлөлүк абалы эске алынды. Шектүүгө коюлган чектөөлөрдүн аткарылышын Ош ШИИБинин башчысына жүктөлсүн», — деп жазылган Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Парламенттик шайлоодон кийинки төңкөрүлүштөн соң УКМК Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн. Көп өтпөй Сайпидинов комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайырылып, ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын билдирген.

Ал эми Ташиев Сайпидиновду кабыл алгандан кийин, УКМК «саясий жана башка мотивдер боюнча куугунтуктоо менен алектенбей» турганын билдирген.  Ошол эле күнү Савай айылынын депутаттары Сайпидинов аларды коркутуп, басым жасаганынын айтып даттанышкан.

Мунарбек Сайпидинов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. Ал Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчылыгына 2016-жылы дайындалган. 2020-жылдын 4-октябрында өтүп,  жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 126-тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон.

Автор Т-Медиа 29 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*