
Социалдык тармактарда «Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет элдиктер жаш балдарга конфет таратып жатат» деген видео тарады.
Анда чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуу заттарды таркатып жатышкандыгын айтып, балдардын ден соолугу үчүн кооптонуп жаткандыгын билдирген. Буга кошумча аталган заттарды алып, ал тууралуу тактоо зарылдыгын билдирген.
«Туристпиз деген виза алып ушинтип балдарга конфет таратып жатышат. Турист жаңы конуштарга кирип ушинтип жүрөбү? — Эже айткылачы балдарыңарга берип жатабы? Жаш балдардын оозуна салып жатышат дейт», —деп сүйлөгөн видеодо.
Биз видеодогу конфеттин сүрөтүн интернеттин издеп көрдүк.
Интернеттеги корея таттууларынын арасын бул сыяктууларды көрүүгө болот.
Көп өтпөй Жалал-Абад облустук милициясы таттууларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалганын билдирди.
«Алар Түштүк Кореянын 3 жараны экендиги аныкталып, өздүктөрү такталган. Котормочуларынын ооз эки түрдө берилген көрсөтмөсүнө ылайык, алар 10-январда Кыргызстанга турист катары эс алып кетүү үчүн келишкен. 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн. Ошол учурда ал жерде ойноп жүргөн жаш балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен», —деп жазылат маалыматта.
Окуя Жоруктар Кодексине катталып, 126-берененин (Сапаты начар тамак-ашазыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат. Эске салсак, буга чейин 2020-жылдын башында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чет элдик жарандар конфет таратып жатат делген видео тараган.
Анда өзүн Түштүк Кореянын жараны деп тааныштырган кыз ал витаминдер экендигин билдирген. Ал эми Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат кызматы окуя 2018-жылы кышында Балыкчыда болгонун маалымдаган. Алардын айтымында, видеодогулар Түштүк Кореянын студенттери. Алар калаанын жашоочуларына англис тилин үйрөтүү үчүн келген ыктыярчылар экени аныкталганын билдирген. Аймактык милиция конфет кооптуу эместигин териштирген. Окуя болгон жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтык: чет элдик жарандар балдарга зыян заттарды таратууда деген маалыматты милиция четке какты. Маалыматка ылайык, туристтер балдарга өздөрү жеп жүргөн таттууларды берген.
Оставьте первый комментарий