ИИМ: Абактагылар мыйзамсыз жүгүрткөн 1 млн. сомго чукул акча аныкталды

Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасын аныкташты. Анын жалпы суммасы 297 миң сом менен 8200 долларды түзгөн жана мыйзамсыз жүгүртүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияны ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы биргеликте жүргүзгөн. «Общактан» жүз миң сомдон ашуун жана бир нече миң доллар акча каражаты табылып алынган.

«Абактардын биринде жаза өтөп жаткан 28 жаштагы К. Э. жана 33 жаштагы Т. Р. аттуу адамдар башка жарандардан көп убакыттан бери акча өндүрүп жүргөн. Ошондой эле алар баңгизат сатуу, абак жайларынын ичинде жана сыртында кумар оюндарын уюштуруу боюнча шектелүүдө. Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган. Ошондой эле бул топко кирген дагы үч адам аныкталды, алардын арасында аял киши дагы бар», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо