БШК бир нече шайлоо тилкелеринин жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди

10-январдагы президентик шайлоодо алты участкалык тилкедеги жыйынтык жокко чыгарылды. Ал эми мамлекеттик башкаруунун формасын аныктаган референдумда жети шайлоо тилкенин жыйынтыгы жокко чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ошондой эле, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун кабыл алууда БШК тарабынан №2238 – шайлоо участогунда идентификацияланган шайлоочуларга караганда АСУдагы бюллетендердин санынын көп экендиги аныкталган. Шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда аталган участоктун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Имараттан тышкары добуш берүүдө (кыдырма үкөктөр менен) коомдук байкоочулардан түшкөн арыздар менен даттануулардын негизинде 6 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

Ал эми Тоң районунда атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочулардын санынан добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу, №3234 УШКдагы имараттын тышкары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ош шаарында имараттан тышкары добуш берүүдө атайын реестрде көрсөтүлгөн шайлоочуларга караганда добуш берген шайлоочулардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу төрт участокто (№5295, 5308, 5327, 5329) добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.

Араван районунда да атайын көрсөтүлгөн реестрдеги шайлоочулардын санына караганда добуш берген шайлоочулардын саны көп болуп, №5363 – шайлоо участогунун имараттан тышкары добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы жокко чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо