Коронавирус: миңге жакын адам ооруканада жатат

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып ооруканаларда дарыланып жаткан 742 кишинин 37синин абалы өтө оор. 220 бейтаптын абалы оор, 477си орто, сегиз кишинин ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда.Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 19-январда билдирди.

Маалыматка караганда, учурда вирус жугузуп алганы расмий аныкталган 958 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери андан көз жумгандар 1390 адамга жетти. Расмий эсепке караганда, ооруну 83 268 адам жугузуп, 79 249 киши айыгып чыкканы кабарланды.

Вирусту аныктаган тест тапшырбай, өз алдынча дарылангандарды кошкондо илдетке чалдыккандар мындан бир топ көп болушу мүмкүн экенин айрым дарыгерлер айтып келишет.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*