Кылыч Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп, миллион сом төлөдү

Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруп, миллион сом төлөп берди. Бул тууралуу 19-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиттин басма сөз кызматы кабарлады.

Саркарбаевди Ош шаардык  соту 16-январда үй камагына чыгарган.

«Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жакындары акчаны төлөп берди. Учурда анын ишине юридикалык баа бериш үчүн тергөө иштери уланууда. Саркарбаев комитеттин каржылык-чарбалык ишине зыян келтирген деп, Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») менен териштирүү жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Саркарбаев спорттук иш-чараларды уюштуруу, шаймандарды сатып алуу жана сыйлык ыйгаруу өңдүү аракеттер менен акчаны сол чөнтөккө кымырган», -деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак: Кылыч Саркарбаев УКМК тарабынан 16-декабрда кармалган. 18-декабрда Жазык кодексинин 359-беренеси (документтердин жасалмасы) менен айып тагылып, облустук сот эки айга камакка алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, ал мурда Сулайманов Кылыч Асылбекович болуп уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Дженго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экендиги белгилеген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Кылыч Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча мэрияга сунуш берген. Анын негизинде 23-декабрда Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов аны шаардык спорт комитетинин төрагалыгынан бошотуу тууралуу буйрук чыгарган.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*