Самара Каримова: жамаатты мурдагы директор мага каршы күүлөп жатат

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорунун иш бөлмөсүнө 19-январда кирип отурду. Каримова өзүнүн бул кызматка келишин мыйзамдуу деп эсептейт.

«Бүгүн эрте менен саат сегизде кадимкидей жумушка келдим. Бардыгы мыйзам чегинде, буйругум бар. Мурдагы директор Нурлан Каримовдун да иштен бошотулганы боюнча  буйрук бар. Мени «мугалимдердин үстүнөн арыз жазды» деп туура эмес маалыматтарды чыгарып жатышат. Мугалимдерди абдан сыйлайм, урматтайм. Мен буга чейинки директордун, кадрлар бөлүмүнүн жетекчисинин жана башкы эсепчинин үстүнөн арыз жаздым. Алар мөөрдү бекитишип, эшиктерди жаап, иштешиме тоскоолдук жаратышты». 

Ырчынын айтымында, музыкалык окуу жайдын жамаатын мурдагы директор Нурлан Каримов ага каршы күүлөп жатат.

«15-январдан бери жааматтын ичинде түшүнбөстүктөр болуп, аны ким, эмне себептен кылып жаткандарынын бардыгы такталды. Менде WhatsAppта жана башка соцтармактарда фейк-аккаунттар кандай чагымчылдык жүргүзүп жатканы тууралуу да маалыматтар бар. Мурдагы директор Нурлан Каримов экөөбүз Бишкекке чейин чогуу барып келгенбиз. Соттошуп жүргөнүмдү да билет болчу. Ал өзүнүн кызматтан расмий бошотулганы боюнча жамаатка маалымат берген эмес. «Мен дагы деле директормун» деп ар кандай чагымчыл иштерди жасап, мугалмдерди 2-3 топко бөлүп жатат. Мени колдогон мугалимдер да бар. Менин аларга эч кандай таарынычым жок». 

Окуу жайдын мугалимдери ырчынын сөзүн четке кагып, Нурлан Каримовдун эч кандай тиешеси жок деп айтып жатышат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бул музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган. Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болгон. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 

Буга чейин шаардык милиция Каримова мугалимдер жамаатына каршы арыз жазганын билдирген. Арыз Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганы маалым болгон.

Кечээ, 18-январь күнү кечки саат жети-сегиздер чамасында Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова бир топ кишинин коштоосунда келип, иш бөлмөсүнө кирген. Мугалимдердин айтымында, алар отурган иш бөлмөнүн эшигин бузуп кирип, ачкычын алмаштырып кетишкен.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Каримованын пайдасына карата чыгарган Бишкектин биринчи май райондук сотунун чечими боюнча 15-январда Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Министр Нуржигит Кадырбеков соттун чечимин жокко чыгарууга Эмгек кодексинин 414-беренеси негиз болоорун билдирди. Мыйзамга ылайык, Каримова кызматтан бошотулгандан тарта сотко 2 айдын ичинде кайрылышы керек эле. Бирок ырчы сотко 2 жылдан кийин кайрылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо