Москвага билеттин баасы 60 миңге чыкты. Ким көзөмөлгө алат?

Орусияга авиабилеттер кескин кымбаттап кетип, кыргызстандык эмгек мигранттар кете албай убара. Маселен Бишкектен Москвага бир билеттин баасы 60 миң сомго чейин болууда. Буга кошо Орусияга кириш үчүн негиздеме да талап кылынат. Ал документти жасатыш үчүн да 10 миң сомго чейин акча коротушат. Бирок көпчүлүк жарандар негиздеме Кыргызстанда гана текшерилип, Орусияда каралбайт деп нааразы. 

Аты-жөнүн ачыктагысы келбеген жаран Орусияга кантип кетээр экенмин деп башы катып турганын айтат. Москвага учайын десе эки жашар баласы экөөнө авиабилеттин баасы 96 миң сом болуп жатат. Буга кошо Орусияга кирүү үчүн атайын «негиздеме» да жасатышы керек. Ага да 10 миң сомдой акча кетет.

«Негиздеме жок эле балам экөөбүздүн билет 96 миң сом болду. А негиздемени 6-8 миң сомго жасайбыз дейт. дагы эки жарым миңди коронавирустун анализи үчүн беребиз. Эми эсептеп көрсөңүздөр, баарын кошкондо 150 миңге чейин акча коротосуң. Мындай айтканда бизнес болуп атат. Мисалы, негиздемени Орусия сурабай атат да», -дейт ал. 

Авиабилеттин асман чапчыган баасы жана Орусияга кириш үчүн негиздеменин талап кылынышы миңдеген мигранттарды убайымга салды. Айтымдарында, «зарыл иши болгон үчүн учуп жатат» деген документти авиакассалар 6 миң сомдон 10 миң сомго чейин жасап беришет. Чын-төгүнүн аныктоо үчүн биз кардар катары кирип жашыруун сурап көрдүк.

Авиакассалардын баары эле негиздемени жасай беришпейт, бирок көпчүлүгү кааласаңыз өзүбүз даярдап беребиз деп сунушташат. Документте үй-бүлө мүчөсү Орусиянын жараны болсо, дарыланууга жана дипломатиялык сапарга баратканы жазылат. Ал эми авиакассалар негиздемеде көбүнчө дарыланууга баратат дегенди көрсөтүп даярдоодо.

«Ар бир келген кардардан негиздемеси барбы же жокпу сурайбыз. Дарыланууга кетип атасызбы же тууганыңыз, жолдошуңуз Орусиянын жараныбы деген сыяктуу тактай турган суроолорду беребиз. Бул бизнес болуп кетти дегендер бар. Бирок бул туура эмес», -«Самтур Авиа» компаниясынын түштүк региону боюнча башкаруу менеджери Алмаз Эргешов.

Ош эл аралык аэропортунун билдириши боюнча, негиздеме пандемияга байланыштуу Орусиянын талабы менен суралып жатат жана ал документти аба майдан кызматкерлери эмес, авиакомпаниялар текшеришет.  Ал эми Орусияда чындыгында каралбайбы деген суроого расмий жооп мындай:

«Бардык маалыматтарды текшерип, негиздемени Орусияга жөнөтүшөт. Ал жака учуп барганда текшерилген деп айтылат да. Ар бир кагаз текшерилет, өкүлдөрү бар. Орусиядан эмнеге текшерилбейт деген суроо авиакомпанияларга тиешелүү», -деди Ош эл аралык аэропортунун жетекчисинин орун басары Мирлан Нышанбаев.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Орусиянын чек аралары 2020-жылдын март айынан бери жабык. Кийин өкмөттүк деңгээлде Бишкек менен Оштон Москвага бир жумада эки аба каттамын жүргүзүү макулдашылган. Мунун негизинде кыргызстандыктар жума күнү Бишкектен «Аэрофлот» жана «Авиа Траффик» компаниясынын учактары менен Москвага жете алат. Бул каттамда «негиздеме» талап кылынбайт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо