Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына кайрадан жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы болуп Саипжан Турдуев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага»  Турдуев өзү тастыктады. Ал жумушка 13-январда чыккан.

«Вице-мэрликтен кеткенден кийин, 13-январда бул жакка чыктым. Иштегениме бир жума болуп калды. Азыр мекеменин иштери менен таанышып жатам. Аткара турган иштер көп экен».

Эске салсак, өткөн жылдын 2-декабрында аталган ишканага Зорбек Бийзаев директор болгон. Мэриянын маалымат кызматы ал 3 ай сыноо мөөнөтү менен дайындалганын билдирген. Ага чейинки жетекчи Талант Капаров өз арызынын негизинде жумуштан кетип, кийин Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору кызматына барган. Ал эми Саипжан Турдуев Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигинен 21-декабрда бошотулган.

«ТМG» телеканалы буга чейин аталган ишканадагы электрондук карта системасына коротулган миллиондор тууралуу иликтеген. 

Ошол эле учурда автоунаа ишканасы мэриядан жылына 15 миллион сом каражат алып келет. Бирок учурда 20 миллион сом карызга баткан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо