УКМК: Ошто баңгизат жасоочу 1 тонна суяктук кармалды

19-январда Ош шаарында унаадан 1 тоннадан ашуун болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана ящик табылган. Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн «Аммиак суусунун» эритмеси экени аныкталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиришинче, бул факт кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды даярдоого, ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюлган.

Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж. И. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эске салсак, өкмөттүн 2007-жылдагы токтомунун негизинде, «аммиак суусу» амфетамин атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо