Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге иш козгоду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 22-январда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен Баш мыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышкан деп шектелүүдө.

«Жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүп, андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын туугандары «К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова жасалма, мыйзамсыз документтер менен каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин менчикке өткөрүп алган.

«Сегизбаев жакын туургандары Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон алгачкы ээлерининин атынан ишеним каттарды жасалмалашкан. Бул кылмышын жашыруу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 гектер айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан». 

Мындан тышкары Башкы прокуратура Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгүн, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүн жана электр энергиясы алып барылганын маалымдады.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-береренесине («Коррупция») ылайык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо