Өкмөт башчы ким болот? Серепчилердин божомолу

21-январь күнү өкмөттүн азыркы курамы кызматтан кетип, отставкага кеткен өкмөт азырынча  милдетин аткаруучу деген макам менен жумушун аткарып жатат. Президентик шайлоодон соң аткаруу бийлигин ким жетектери азырынча белгисиз. Ал эми саясий серепчилер өздөрүнүн божомолун айтышып, президент түндүктөн болсо премьер түштүктөн формуласын дагы деле колдоп жатышат. 

Өкмөт отставкага кеткенден бери коомчулукта «Премьер-министрликке ким келиши мүмкүн?» деген суроо актуалдуу болуп турат. Албетте тигил же бул өкмөт башчы болуп дайындалышы мүмкүн деген күбүр-шыбыр кептер да жок эмес. Бирок эл кимиси болсо да татыктуусу келсин деген ниетте турат.

Ал ортодо айрым жергиликтүү басылмалар саясатчылардын тизмесин жарыялап, сурамжылоо жүргүзүүгө да үлгүрдү. Онлайн сайттардын сурамжылоосуна ылайык, биринчиликте Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов менен азыркы өкмөттү жетектеп турган Артём Новиков алдыда баратат. Ал эми Камчибек Ташиев, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Эльвира Сурабалдиева жана башка саясатчылардын добуштары азырынча азыраак.

Айрым талдоочулардын божомолунда мурдагы калыптанган түндүк-түштүк формуласы бул ирет дагы ишке кирет. Саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев регион аралык баланс сактоо кыргыз саясатынын негизи болгонун эч ким деле жашырбайт деген пикирин айтат.

«Биз тигил же бул адам премьер-министрлик кызматты аткарып кете алат деген менен «Ал азыркы президент менен кандай мамилеси бар» деген суроо турат. Мен билгенден жаңы шайланган президенттин командасында жүргөн, ошол менен кызматташкан жакын санаалаш адамдары өкмөт башчы болушу мумкүн. Алардын ичинен  премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиков бар. Камчыбек Ташиев УКМКнын азыркы иш-аракети менен көпчүлүктүн колдоосунда турат». Ушул эки саясатчынын бири премьер-министрлик кызматка барышы мүмкүн». 

Серепчи Жолдошбек Бөтөнөев өкмөт башчылык кызматка президенттик шайлоодо алдыңкы бештикке илинген талапкерлерден дайындоо максаттуу деп эсептейт.

«Жеке көз карашым боюнча, эгерде Садыр Жапаров туура көрсө президенттик шайлоодо алдыңкы бештикти ээлегендер менен сүйлөшүп көрсө болот. Ошол эле Адахан Мадумаров, жаңы чыгып келе жаткан Бактыбек Калмаматов, Бабуржан Төлбаев өңдүү опоненттери менен сүйлөшүп, «Мынакей, чындап эле элдин камын көрүп, кызмат кылайын деп атсаңар өкмөт башчылык кызматты аткарып бергиле» деп айтса болот». 

Бирок бүгүнкү күндө жаңы жүздөр да керектигин серепчилер айтып келишет. Ал эми жаңы адамдарга эл ишенеби бул башка кеп. Буга мисал, азыркы учурдагы өкмөт курамына кирген жаңы адамдар али өздөрүн көрсөтө элек.

«Премьер-министрдин кыска мезгилдеги иши жөнүндө канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деп айткандан алысмын. Анткени анын иштегенине (ред-Артем Новиков) бир жарым ай гана убакыт болду. Анын ишмердүүлүгүнө баа берүүгө өтө эрте. Кеминде 100 күндөн жогору болсо айтсак болмок. Ал өкмөт башчылыкка өзүн программасын сунуштап, парламенттен дайындалып келген жок. Биринчи вице-премьер катары өкмөттү убактылуу жетектеп турат»,-дейт Төлөгөн Келдибаев. 

«Новиков кыска убакыттын ичинде эл көрө турган эч нерсе жасай алган жок жана мүмкүн да эмес. Ошол эле бажы кызматына барып, Кыргызстанды бир сыйра кыдырды. Муну популисттик катары баалагандар жок эмес да. Бирок ошол эле мезгилде Садыр Жапаров Новиковду премьер-министр катары калтырат. Себеби Орусия менен мамилени үзбөйлү деген маани жатат», -деген оюн билдирди серепчи Жолдошбек Бөтөнөев. 

Талдоочулардын кошумчалашынча, алдыда дайындалчу премьер-министр менен өкмөт курамы деле убактылуу болушу мүмкүн. Анткени келерки парламенттик шайлоодон кийин кайрадан жаңы өкмөт куралат.

Эске салсак:  октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткарып, кийин ал президенттик шайлоого аттангандан бери биринчи вице-премьер Артём Новиков өкмөттү жетектеп келет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо