Мектептеги коргонуучу каражаттарга акча чогултуу мыйзамсыз

17-январда Оштогу жергиликтүү телеканалдын кабарчысы Мимоза Жаныбек кызы “Фейсбуктагы” баракчасына “Бул смс каттар мага ата-энелер тарабынан келди. Алар балдары үчүн 100 сом берсе 45 мүнөттөн сабак өтүп, мектепке коргонуучу каражаттар алынат экен. Мындай эреже качантан бери иштеп калган?” деген суроо салган. 

Андагы смс-каттардан жыйынтык чыгарсак: ата-энелер комитетинин чогулушунда мектептин кире беришине дезинфекциялоочу тоннель, класстарга кварц лампасы коюлары айтылган. Ал үчүн эки күндүн ичинде ар бир ата-эне 100 сомдон топтоп бериши керек. Бирок кайсы мектеп экени ачык айтылган эмес. 

“Т-Медиа” маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү. 

Биздин редакция сөз болуп жаткан «WhatsApp» группалардагы ата-энелерди таба алган жокпуз. Бирок шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүзсөк, көпчүлүгү мектептерде мыйзамсыз акча топтоо жоюлбаганын жокко чыгарбады. 

Аты-жөнүн ачыктагысы келбеген Ош шаарынын тургуну мектептеги акча топтоодон тажаганын айтат. Анын уулу менен кызы калаадагы №18 А. Навои атындагы мектеп-гимназиясында окушат. Мугалимдери залалсыздандыруучу тоннел менен кварц лампасын алууга 200 сомдон алып келүүнү милдеттендирген.

“Акча бергенге баарынын эле шарты боло бербейт да. Кээ бир үй-бүлөлөрдө 3-4 баласы мектепке баргандары бар. Бул биринчи акча чогултуу эмес. Чындыгында ушундай чогултмайлардан тажадык. Эптеп эле ата-энелер комитетин шылтоолоп чыгышат. Негизи артында мектеп жетекчилиги турат”, -дейт ата-эне. 

Расмий жооп 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 2020-жылы ноябрда залалсыздандыруучу каражаттарды алууга тендер жарыялаган. Мекеме класстардын кире беришине төшөлчү дезинфекциялык килемчелерди жана антисептик алуунун баасын 2 млн. 185 миң 500 сомго баалаган. Тендерге алты компания катышкан. Өз кызматы үчүн 1 млн. 140 миң 700 сом сунуштаган “Аль-Мубаарак” жеңүүчү аталган.

Аталган компания калаадагы мектеп жана бала бакчалар үчүн 945 даана дезинфекциялык килемдерди жана 1027 даана антисептик алып берген. 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын билдиришине караганда, мектептерди дезинфекциялык каражаттар менен мекеме өзү камсыздайт. Болгону ата-эне баласына чөнтөккө салып жүрүүчү кичинекей бөтөлкөдөгү антисептик менен эки даана беткап алып берүүгө милдеттендирилген. 

Бирок ага карабай ата-энелерден акча жыйналып жатканын мекеме  башчысы Санталат Юсупова мындайча түшүндүрдү:

“Дезинфекциялык тоннелдерди алыш үчүн биз демөөрчүлөрдү гана издеп атабыз. Кээ бир ата-энелер балдарынын коопсуздугу үчүн деп кварц лампасын, тоннель алып берген учурлар бар. Кайсы мектеп, кайсы директор же мугалим акча топтотуп  жатканын ачык айтып беришсе биз сөзсүз чара көрөбүз. Айтып атышат, бирок далил жок болуп атат да”, -дейт Юсупова. 

Ош шаарында 14-январдан тартып мектептердин толук иштешине уруксат берилген. Калаада жалпы 81 мектеп бар, анын 55и мамлекеттик мектеп. 

Көйгөй аймактарда да бар

Дезинфекциялык каражаттар үчүн ата-энелерден акча жыйноо райондордо да орун алып жатат. Муну бизге Ош облусунун Кара-Суу районун тургуну Нургазы Асылбеков айтып берди. 

“Үч балам мектепке барат. “Вотсап” группаларына мугалимдеринен “Сөзсүз түрдө коргонуучу каражат, умывальник, салфетка жана беткап алышыбыз керек экен. Акча чогулткула” деген смс келе баштады. Мамлекет тарабынан алынып берилбейби деген суроо турат. Ансыз да кышта ата-энелер кыйналып отурсак, мага окшогон эки-үч бала окуткандар каяктагы акчаны беребиз? Бир эжеке гана ачыгын айтты. Аларга билим берүү башкармалыгынан ата-энелерден акча чогултуу тапшырмасы келиптир. Кокустан каражат чогулбай калса айыл өкмөткө кайрылып же демөөрчү издешет экен. Эң кызыгы ушул каражаттарды алып берген ченде да балдарга коронавирус жугуп калса, мектеп жоопкерчиликти өзүнө албай жатат. Биз ошондо балдарыбызды тобокелге салып коебузбу?”- деп нааразы болду Асылбеков. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча мектептер кадимки окууу режимине өткөнүнө байланыштуу алгоритм өзгөрдү. Ага ылайык, окуучулар буга чейинкидей тайпаларга бөлүнүп, шахматтык тартипте отурушпайт. Анткени көпчүлүк мектепте балдардын саны көп жана парталар да жетишпейт. Буга байланыштуу дезинфекциялоочу тоннелдерге басым жасап, окуучуларга беткап менен антисептик милдеттендирилет.  

Жыйынтык: Мектептердеги антисептикалык каражаттар үчүн акча чогултуу мыйзамсыз. Ата-энелер балдардын жеке коргонуу каражаттарына эле чыгым коротуусу шарт. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо