Ош шаардык кеңешине шайлоо апрелде өтөт. Токтогон үгүт иши уланабы?

Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоо 11-апрелге белгиленди. Бул тууралуу кечээ, 21-январда өткөн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова айткан.

Ал эки шаардык кеңештен башка бир катар жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өтө турганы пландалганын кошумчалаган. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматовдун «Т-Медиага» билдиришинче, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамда өнөктүк апрель айынын экинчи жекшембиси деп көрсөтүлгөн. 

«Былтыры Ош, Токмок шаардык жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтпөй калган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча мыйзамда эки ай мурун белгилениши керек. Мурдагы шайлоо пандемияга байланыштуу президенттин жарлыгы менен токтотулган. Эми кайра эле 11-февралга чейин президенттин жарлыгы чыгыш керек. Ал эми мурдагы 11 күн болгон үгүт өнөктүгү уланабы же кайра жаңыдан белгиленеби азырынча белгисиз. Бул БШК тарабынан чечилбейт. Ал президенттин жарлыгы боюнча болот», —деди Бегматов.

Буга чейин Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымалдыгы да айтылган. 

Партия өкүлдөрү эмне дейт?

Ош шаардык кеңешинде 5 депутаты бар «Бир Бол» партиясынын өкүлү, шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев шайлоо жаңыдан өтүшүн колдойт.

«Биздин ал убактагы баннерлерибиз дагы эскирди. Ортодо көп убакыт өттү. Азыр тизме да, талапкерлер да башка болушу мүмкүн. 11 күн үгүт иштерине жана БШКга канча каражат которгонубуз боюнча так билбейм. Бирок шайлоо жаңыдан өтүшүн колдойм», — деди «Бир Бол»  партиясынын өкүлү Эсенбек Арзиев. 

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Мирлан Аматбеков да бул ойго кошулат.

«5-6 ай болсо кайра ошол шайлоо улансын десек болмок. Арадан бир жыл убакыт өттү. Азыр талапкерлерди да башынан карап чыгыш керек. Баары өзгөрбөдүбү. Ошондуктан жаңы эле өткөнү жакшы. Ушунча убакыт өтүп кеткен соң, каражатты кайтаргыла деген да болбой калат», —деди Ош шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Аматбеков.

«Токтотулган шайлоону улантуу референдумдан көз каранды»

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова токтотулган өнөктүк уланышы же жаңы шайлоо белгилениши боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

«Мөөнөтүндөгү, мөөнөтүнөн мурда дайындалган шайлоолордун баары президенттин жарлыгы менен дайындалыш керек. Былтыркы жылы 30 жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Быйыл 400 кеңешке шайлоо өтүшү керек. Мыйзам боюнча 4-октябрда парламенттик шайлоо менен бирге токтотулган жергиликтүү кеңештер да өтүшү керек болчу. Тилекке каршы, мыйзамга карабай эмнегедир ал убакта өткөн жок.  Негизинен шайлоо мыйзамдарда шайлоону токтотуп туруу жана жандандыруу деген түшүнүк жок. Эгер токтотулуп турса кандай тартипте, кандай негизде, кайра кандай процедурада жанданыш керек деген да түшүнүк жок. Бирок ошол эле учурда кайсыл этапта токтотулса кайра ошол убакта жанданышы керек. Былтыркы шайлоолор пандемияга байланыштуу үгүт учурунда токтотулган. Азыр эми президенттин жарлыгы чыкканга чейин канча үгүт күнү калганы эсептелип, так саналып жанданышы зарыл. Себеби башка өз мөөнөтүндө өтө турган шайлоолор менен ошол эле токтотулган партиялардын тең укуктуулугу сакталбай калбашы керек», —деди Атыр Абдрахматова.

Ал бирок жаңы конституциянын редакциясында жергиликтүү кеңештердин курамынын түзүлүшүнө өзгөчөлүктөр кире турган болсо, референдумдан кийин болуп калышы мүмкүндүгүн, бул азыркы иштелип жаткан баш мыйзамдын маңызына жараша боло турганын кошумчалады.

2020-жылдын 12-апрелине белгиленген Ош шаардык кеңешине кырк беш мандатка 9 партия ат салышкан. Бирок шайлоо пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган эле.

Айдай Беделбек кызы
Автор Айдай Беделбек кызы 29 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо