Сурабалдиева: министрдин «USAID муздаткыч алып берет» дегени жаңылыштык

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берүүнү сунуштаган эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевдин парламентте айтканы жаңылыштык. Мындай пикирин 22-январда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Элвира Сурабалдиева «Твиттерге» жазды.

«Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрлин парламентте ойлонбой сүйлөгөн сөздөрү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткыч алып берүүнү сунуш кылган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылыш айткан».

 

Кечээ, 21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев USAID «Pfizer» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген.

Өлкөдө -70 градуста сактай турган муздаткыч жок болгондугуна байланыштуу Кыргызстан «Pfizer» вакцинасын кабыл ала албаганын билдирген. Министрлик россиялык вакцинанын 500 миң дозасын аларын кабарлаган.

Pfizer вакцинасы жөнөкөй муздаткычта 30-60 күнгө чейин сакталары — жалган

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо