19 жылдан бери изделген Чоң-Алайдын тургуну Казакстандан табылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 19 жылдан бери дайыны чыкпай жаткан Зулкайнар Тагаев Казакстандан табылды. Бул тууралуу “Т-Медиага” анын жакын тууганы Турсунбай Шарапов билдирди.

35 жаштагы Зулкайнар Тагаев Чак айылынан болот. Жакындарынын айтымында, ал үй-бүлөсү менен пикир келишпестикке барып, үйүнөн чыгып кеткен. 19 жыл дегенде туугандары социалдык тармакка тараган видео аркылуу таап отурушат. Агасы Турсунбай Шарапов окуя тууралуу буларды айтып берди:

«Үйүнөн акча уурдап, үй-бүлөсүндө кичине пикир келишпестик болуп, Бишкекке келе берген экен. Ошол учурда Казакстанга аябай мигранттар агылып аткан мезгил болчу. Бул да алардын катарында кеткен. Аябай издедик. Бишкек-Чымкентке каттаган тааныштар быйыл Чымкентен 50 метр алыстыктагы «Сарыагаш» санаториясына эс алганы барышат. Ошол жерде бул жакта жүргөн бир кыргыз бала тууралуу сөз болуп калат. Анан санаторияда жаткан кыргыз бала аны издеп барган. Ага «Оштон болом, ата-энем кайтыш болуп калган. Башка эч нерсе айткым келбейт» деп маалыматты так айтпай койгон. Анын видеосун «Вотсаптагы» группага жөнөткөндө таанып калдык. Кечээ, 22-январда бир тууган агасы менен аталаш тууганы барып жолугушуп, бири-бирин таанып, чогуу Алматыга келишти. Атын Рүстөм деп өзгөртүп алган экен. Элчиликтен документтерин баарын бүтүрүшүптүр. Буюрса бүгүн Кыргызстанга келип калат». 

Т-медиа
Автор Т-медиа 4384 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо