«Алай» футбол клубу менен келишим түзгөн тажикстандык Ойбек Абдугафаров менен маек

«Т-Медиа» сайты дүйнөдө көпчүлүктүн көңүлүн бурган, миллиондогон күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан футбол оюну анын жылдыздары боюнча кызыктуу маалыматтарды жана маектерди жарыялайт. Бүгүнкү алгачкы коногубуз Ош шаарынын «Алай» клубу менен жаңыдан гана келишимге кол койгон тажикстандык футболчу Ойбек Абдугафаров болмокчу.

— Саламатсызбы Ойбек.

— Ойбек Абдугафаров: — Саламатчылык.

—  Кош келипсиз! Ош шаары жактыбы?

—  Чынын айтканда шаарга келгениме 2 күн эле болду. Айланып чыкканга убактым болгон жок.

— «Алай»  клубунун футболчуларга түзгөн шарты сизди канааттандырдыбы?

— Ооба, жакшы эле экен.

—  Жаңы клубуңузда кайсыл позицияда ойнойсуз?

— Азырынча билбейм, баары болушу мүмкүн.

—  «Алай» клубу боюнча сизге эмнелер белгилүү?

— Клуб Кыргызстандын көп жолку чемпиону экенин билем. Өткөн жылы өлкө кубогун утуп алган.

— Канча жашыңыздан баштап футбол менен машыгып баштагансыз? Кайсыл клубдарда ойногонсуз?

—  10 жашымдан баштап футбол менен машыга баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин «Энергетик», «Ригар-Тадз», «Хосилот», «Истиклол», «Регар-Тадз», «Худжанд» клубдарында ойногом.

—  Тажикстан менен Кыргызстан футболунун айырмасы кандай, кайсыл биринин лигасы күчтүү деп ойлойсуз?

—  Бул суроого азырынча жооп бере албайм. Азырынча Кыргыз Премьер Лигасында ойной элекмин.

—  Буга чейин кайсыл позицияларда ойногонсуз?

—  Борбордук коргоочу, таяныч жарым коргоочу (опорник) позицияларында ойногом.

—  Эль-классико: «Барселона» же «Реал Мадрид»?

—  Мен «Ювентус» үчүн(күлүп)…

— Месси же Роналду?

— Роналду.

— Сиз кайсыл футболчуну кумир тутасыз?

— Менин кумирим менин атам. Ал менин жашоодогу эң чоң колдоочум. Ошондой эле ал мага эң чоң дем берүүчү адам болуп эсептелет.

—  Сиздин ойноо стилиңиз кайсыл футбол жылдызына жакыныраак?

—  Мага Модричтин, Каземиронун, Рамостун, Алькантранын ойногондору жагат. Азыркы күндө мыкты футболчулар абдан көп. Алардын кайсыл бири мыкты экенин айтуу кыйын.

— Келечекке карай. Канча жашыңызда карьераңызды жыйынтыктайм деп ойлойсуз?

—  Мен азырынча ал боюнча ойлой элекмин. Азырынча футболдон эргүү алып, ойноону улантам жана ушул жаатка көңүлүмдү бурам.

— Златан Ибрагимович 40 жашка жакындашып калса да, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, көпчүлүктү таң калтырууда. Сиз анын жашына жеткенде футбол ойноону уланта алат белеңиз?

—  Баары Аллахтын колунда. Мен ар дайым физикалык абалымды чыңап, канча убакка чейин дареметим жеткенге чейин ойной беремин.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

—  Жакында эле үйлөндүм. Ата-эне, бир туугандарым боюнча маалымат сыр боюнча калсын. Жашоодо бар байлыгым ата-энем. Алардын эч нерсеге муктаж эместиги, ден соолуктары бекемдиги үчүн Аллахка ыраазылык айтам.Мен Душанбе шаарында чоңойгонмун. 

— Маегиңиз үчүн ыраазылык. Жаңы клубуңуздагы оюндарыңарыңызга ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат!

Алайбек Мундиалов
Автор Алайбек Мундиалов 11 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо