Бишкек ыш боюнча кайрадан алдыда. Унаадагы катализатордун жоктугу абага кандай зыян тийгизет? Видео

Бишкек кайрадан дүйнөлүк рейтингде абасы эң кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты. 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын январь айынын ортосуна чейин дээрлик алдыңкы он саптан түшкөн жок. Учурда бир эле борбор калаада эмес башка аймактарда да абанын булганганын көрүүгө болот. 

Абанын булганышына жылытуучу түтүндөрдөн сырткары автоунаалардан чыккан газдар да кирет. Уулу газдар унаалардын катализатору жок болгондуктан улам көп өлчөмдө чыга турганы айтылат.

Учурда Ош шаарында жарнамалардан, социалдык тармактардан, радио узелден «Унаалардын катализаторун сатып алабыз» деген жарыялар көп чыгууда. Биздин редакция көрсөтүлгөн номерлерге байланышып көрдү.

— Саламатсызбы. Унаамдын катализаторун сатайын деп байланышып жатам.

—  Кандай машина?

Honda Fit

— 20-25 миң сом болуп калат.

— Кийин машинама зыяны тийбейби?

— Жок. Анын ордуна торчо коюп беребиз. Сиз 25 миңди аласыз болду. Кете бересиз.

— Рахмат.

Эгер автоунааны катализатору жок айдаса экологияга кандай таасирин тийгизет? Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жообу:

«Катализатору жок унааларды башка өлкөлөрдө айдаганга уруксат жок укканбыз. Бизде алар сатылып эле жатат. Канча унаада бар же жок экенин биз билбейбиз. Мүмкүн болсо катализатору жок машинаны көчөгө айдап чыкпаш керек. Себеби анын уулу заттарды кармап кала турган жабдыгы жок деп эсептелет. Зыян алып келет», — деди Ош шаары боюнча айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Арын Эсенбаев.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы, унаалардын катализаторлору текшериле тургандай кылып сунуш берип жаткандыгын билдирди. 

«Жеке менчик машинаны текшергенге бизге уруксат жок.  Учурда ички иштер, транспорт министрликтерине сунуш бергенбиз.  Колдоо табат деп күтүп жатабыз. Жылына бир жолу өткөн техникалык кароодо катализаторун да кошуп караш керек», — дейт Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын регион аралык башкармалыгынын башкы инспектору Илияз Матанбаев.

Катализатору жок унаадан зыяндуу газдардын чыгышы көбөйүп, абага тарайт. Мындан сырткары унаа ичиндеги газдар жыттанып, автоунаадагы ызы-чуу көбөйүп, түтүктөрдүн күйүп кетүү ыктымалдыгы да бар. 

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*