Оштогу тарыхый учакка 52 жыл.
Бул учак Ош шаарындагы Алишер Навои эс алуу багынын кире беришине 1980-жылдардын аягында коюлган. Бирок анын бул жерге кайдан жана кандайча келип калганын көпчүлүк биле бербейт.
Биз бул дирижаблдын кыска, бирок өтө жаркын тарыхын эсибизге салып көрөлү. Бул жайда турган самолет Як-40 үлгүсүндөгүлөр арасынан жалгыз сакталып калганы болуп саналат. Чыкканына быйыл 52 жыл болду.
Учак качан, кайда жасалган?

Бул учак Як-40 деп аталып, 1969-жылы Россиядагы Саратов авиация заводунда жасалган. Анда ага 9910404 сериялык номери берилген. Ошол эле жылы 16-апрелде ал Кыргызстандын Жарандык Авиация башкармалыгына которулган. Ал жерде СССР-87694 номерин алган. Ал номер учактын эски сүрөттөрүндө ачык эле көрүнүп турат. Кыргызстанга келгенден кийин, ал Ош облустук авиациясынын авиаотрядына өткөрүлүп берилген.
СССР-87694 ЯК-40 "Ыргытуу, же бардыгы ишембиде башталды"​ тасмасынан алынган сүрөт, 1976-ж.
1976-жылы бул Як-40 учагы белгилүү советтик жазуучу Кир Булычевдин «Ыргытуу же бардыгы ишембиде башталды» кинотасмасында көрсөтүлгөн. Ал тасма Серик Райбаевдин режиссерлугунда, «Казакфильм» киностудиясында тартылган. Башкы ролдордо казак актерлору Эсболган Жайсанбаев, Асанали Ашимов ойногон. Ал эми тасманын саундтрегин ошол кездеги популярдуу советтик композитор Александр Зацепин жазган. Аны кийин Алла Пугачева аткарып, «Мен сага ишенем» хит ыры болуп таанылган. «Яшканы» (Як-40ты азыр авиациялык форумдарда ушинтип эркелетишет) ушул тасмада аэропорттогу көрүнүш учурунда көрүүгө болот
Авиация тарыхына арналган «AirHistory» сайтындагы маалымат боюнча, Як-40 СССР-87694 номериндеги учак 1987-жылдын 19-ноябрында Москва мамлекеттик авиация администрациясынын №257 буйругунун негизинде «амортизациянын иштөө мөөнөтү аятагандыгынан» деген негиз менен учуудан алынган.
Анын 1987-жылы иштен чыкканын эске алсак, демек Алишер Навои атындагы шаардык сейил бактын кире беришине 1987-жылдын аягында же 1988-жылдын башында алынып келинген.
Алгач учак паркка алынып келингенден кийин анын салонунда кинотеатр, андан соң видео көргөзмө залы ачылган. Ага учактын кире беришиндеги азыркыга чейин сакталып турган сүрөттөр далил. Кийинчерээк фотостудияга айланган.
ЯК-40ка 52 жыл!
Ош авиаотрядынын жана аэропорттун символу болгон бул учактын чыкканына быйыл 52 жыл болду! Ал 1969-жылдан 1987-жылга чейин 17 жыл 8 ай иштеп, болжолдуу 1988-жылдан бери Ош шааарындагы Навои паркынын кире беришинде турат.
Россиянын авиа техникага арналган Russianplanes.net авиация долбоорундагы маалыматка ылайык, Ош облустук авиаотрядында Як-40 үлгүсүндөгү 9 учак болгон. Анын ичинен беш учак кагышуудан улам, эки Як-40 учагы Жалал-Абадда авиа кырсыктан улам кулап түшкөн, дагы бирөө Бишкекке сактоого берилген, төртүнчүсү Навои паркынын жанына коюлган. Демек, бул Ош облустук эскадрильясынын Як-40 командасынан сакталып калган жалгыз учак.
Як-40тын тарыхы
Атактуу Як-40 - советтик жүргүнчү ташыган реактивдүү учактардын бири. Анын үч кыймылдаткычы бар жана 1966-1981-жылдары Яковлев Саратов авиация заводу тарабынан чыгарылган. 1970-жылдан баштап Советтер Союзу аны чет өлкөлөргө жеткире баштаган. Як-40 бир нече вариацияда, анын ичинде сүрөттөгүдөй VIP борту менен чыгарылган.
«Асман бурчу» авиациялык энциклопедиясында Як-40 жогорку ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу менен айырмалангандыгы айтылат. Ал үч кыймылдаткычтын бири иштен чыкса дагы асманга көтөрүлүп кете алган. 1981-жылы Як-40 учагын чыгаруу токтотулган ага чейин жалпы 1011 учак чыгарылган.

Маалымааттар жана айрым сүрөттөр incredibleosh.kg сайтынан алынды.