Сулайман-Тоону ЮНЕСКОдон чыгарып, мэриянын карамагына өткөрүү демилгеленүүдө

Ош шаарынын символу болгон Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Тоодо петроглифтер, орто кылымдагы мончонун калдыктары бар. Бирок убакыттын өтүшү менен Сулайман-Тоону уюмдун тизмесинен чыгарып, өзүнчө эс алуу парк кылып, мэриянын карамагына өткөрүү демилгеси көтөрүлө баштады. 

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» коругун ЮНЕСКОнун мурстар тизмесинен чыгарып, жергиликтүү бийиликке өткөрүп бериш керек. Мындай пикирин активист Айдар Бакыев айтып чыкты. Ал тоону өкмөт карабай койду деген пикирде. Анын баамында, дүйнөлүк уюмга киргенден бери тоону көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иши болбой калган.

«ЮНЕСКОго киргизилгенде дагы көп катачылыктар кеткен. Булар аймакты чоңойтуп, чоң жерди ээлеп алган.Ошондуктан биз ЮНЕСКОнун, өкмөттүн, президенттин чечимин кайрадан карап, тоону ордуна келтиришибиз керек», -дейт “Жаратылышты коргоо кыргыз фонду “ коомдук бирикмесинин төрагасы Айдар Бакыев.

Активисттин пикиринде, каттоого киргенде тоонун буффердик аймагы 134 гектар болсо кийин төрт миң гектарга чейин кеңейген. Бул шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылууда.

«Тоону Ош шаардык мэриясынын балансына өтүп, алар толук карамагына алыш керек. Ошондо гана биздин эл аралык туризм борборубуз болот. Калаанын өнүгүшүнө да жакшы болмок».  

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден бери, өкмөт жана ошол уюм тарабынан каралбай калды деген пикирлерге Оштогу бейөкмөт уюмдун өкүлу Гүлгаакы Мамасалиева да кошулат. Ал мурун тоонун буффердик зонасы сакталыш керек деп айтып келген. Бирок Мамасалиева тоону жергиликтүү биликкке өткөрүүгө каршы. Айтымында, Сулайман-Тоону дүйнөлүк уюмдун тизмесинен чыгара турган болсок, өкмөттүн бюджетинен айыппул төлөөгө туура келет.

Гүлгаакы Мамасалиева

«ЮНЕСКОнун мурасында болгон эстеликтерге өкмөт кепилдик алат да. Өкмөттөн акча чегерилип, тоо каралышы керек. «Эмне үчүн өкмөт кепилдик алгандан кийин көңүл бурбайт?» деген сындарга кошулам. Жарандар ЮНЕСКОдон чыгабыз деген демилгени көтөрбөстөн, «министрликти жакшылап иштетебиз» деген демилгени айтып чыгышы керек. Ал үчүн коомдук талкуулар, угуулар болушу зарыл. Министрди чакырып келип, талкууну өткөрүш керек. «Сулайман-Тоону жакшыртабызбы? Дйнөлүк деңгээлге чыгарабызбы? деген суроону берсек болмок. Уюмдун мурасына капысынан эле кирип калган жок да. Бул жерде маданий жактан тарбиялоочу миссиясы да бар», -деди Мамасалиева. 

Ош шаарынын генералдык планы боюнча Сулайман-Тоонун буфердик зонасы 500га жакын аянтты ээлейт. Бирок ал аймакта курулуш иштерин жүргүзгөнгө болбойт деген эч кандай тыюу салынган эмес. Ош шаарынын архитектура башкармалыгынын башкы планы боюнча башкы адиси Динара Кожомбекова буларды айтып берди.

«Буфердик аймакта курулуштар курулбасын деп бир дагы регламенттерде жазылбайт. Буфердик зона башкы план боюнча бир нече градацияга бөлүнгөн. Мисалы карап көрсөк, Сулайман-Тоонун түштүк, түндүк  тарабына канча этажга чейин үйлөрдү салууга чектөө болуш керек? Башкы план боюнча түштүк тарабына төрт этажга чейин чектөө коюлган». 

Былтыр Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссия «Сулайман-Тоонун» буфердик аймагында курулушка коюлган чектөөнү алып салууну сунутаган. Мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы Рысбек Кокоев ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден кийин анын айланасында 5 кабаттан ашкан курулуш болбош керек. Бирок Сулайман-Тоонун бийиктиги 195 метр экенин жүйөө келтирген.

Оштун так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоодо 400дөн ашуун петроглифтер, орто кылымдагы мончонун калдыктары жана Абдуллахандын мечити орун алган. Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОго Борбор Азиядагы ыйык тоонун эң мыкты үлгүсү катары кирген.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*