«Алай» менен «Дордойдун» эл аралык аренадагы атаандаштары белгилүү болду

Ош шаарынын «Алай» клубу менен Бишкек шаарынын «Дордой» клубунун Азия футбол конфедерациясынын тайпалык баскычындагы атаандаштары кечээ, 28-январда чүчүкулак таштоо аземинде белгилүү болду.

Ага ылайык, «Алай» F тайпасында АГМК (же «Насаф», Өзбекстан), «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) жана «Худжанд» (Тажикстан) менен кез келет. Өзбекстандын атынан катыша турган команда «АГМК» командасы Чемпиондор лигасынын тайпалык баскычына чыга алса, анда АФК Кубогуна «Насаф» командасы катышат.

«Дордой» клубу Е тайпасында «Равшан» (Тажикстан) жана «Ахал» (Түркмөнстан) командалары менен беттешет.

2021-жылкы АФК Кубогу жаңыланган форматта өтөт. Тайпалык баскычтын жеңүүчүлөрү бири-бири менен ойношот.

🔻 Е тайпасы:

«Дордой» (Кыргызстан);
«Равшан» (Тажикстан);
«Ахал» (Түркмөнстан).

🔻 F тайпасы:
«Алай» (Кыргызстан);
АГМК (же «Насаф», Өзбекстан);
«Алтын Асыр» (Түркмөнстан);
«Худжанд» (Тажикстан).

«Алай»Кыргызстандын кубогун, «Дордой» Премьер-Лигада чемпион болгондугу үчүн аталган мелдешке жолдомо алышкан.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*