Январда көмүрдүн баасы кымбаттады. Инфографика

Акыркы бир айда өлкөдө көмүрдүн баасы орто эсеп менен 74, 25 сомго же 1,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калк жашоочу аймактарында жүргүзгөн мониторингинин негизинде билдирди.

Көмүрдүн баасы декабрь айына салыштырмалуу Исфана шаарында тоннасы 1385 сомго, Кербен шаарында 917 жана Баткен шаарында 330 сомго кескин кымбаттаган. Минималдуу эң арзан көмүр Балыкчы шаарында 3 694, Нарын шаарында 3 500 жана Жумгал районунун Чаек айылында 2 500 сомдон сатылып жатат. Ал эми тескерисинче, Токтогул шаарында көмүрдүн тоннасынын баасы 370 сомго, Жалал-Абад шаарында 138 сомго төмөндөгөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*