Прокуратура: Байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. коррупциялык ишке шектелүүдө. Ал 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, экс-чиновник аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барган. Маалыматка караганда, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берген.

Ошол эле учурда ушундай эле радиожыштык спектри 298 миллион 803 миң сомго сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Ал кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылып жатат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо